Айыл аймагы
Жашоочулардын саны
Орто мектеп
Түтүн
Нарын обл., Ак-Талаа р., Кара-Бүргөн а., Т. Кыдыршаев к., №31
(0-3537) 6-09-32
Ак-Талаа району ― Нарын облусундагы район. Административдик борбору ― Баетов айылы. .Райондо 13 айыл аймагы бар. 1936-жылдын 2-сентябрында түзүлгөн. Ак-Талаа району Ички Теӊир-Тоо, Ортоӊку Нарын өрөөнүндө жайгашкан.
Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 1170-4737 метр бийиктикте. Климаты кескин континенталдуу: кышы узак (6-7) ай жана суук, кар оор түшөт. Январдын орточо температурасы -25-35 °С, июлдуку +25+30 °С барабар. Жылдык жаан-чачын 200-300 мм. Жер кыртышы негизинен боз жана күрөӊ топурактуу, таштактуу. Ири суулары Нарын жана Ала-Буга. Майда суулары: Жерге-Тал, Коӊорчок, Жаман-Даван Мазар, Терек, Ак-Тал, Куртка ж.б.