2024-12-13 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 1/1
28-ноябрь-2024
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ кылат:

1. Эсептөө комиссиясынын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28.11. 2024-жылдын  №3-протоколу бекитилсин.

2. Кемелов Билимбек Ильсович Кара-Бүргөн айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 1/2
28-ноябрь-2024
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ кылат:

1. Эсептөө комиссиясынын  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28.11.2024-жылдын  №3-протоколу бекитилсин.

2. Рыспаева Медина Мелисовна  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жɵнүндɵ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 1/3
28-ноябрь-2024
Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жɵнүндɵ
ТОКТОМ кылат:

1. Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123 мыйзамынын  36-беренесине ылайык Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй  3(ч) багытта туруктуу комиссиялары түзүлсүн:

-жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;

- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;

- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы 3(үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрайымы

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Комиссиянын катчысы

Дүйшөналы уулу Акыл

Комиссиянын мүчөсү

Тыналиев Съездбек Алтымышович

3. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрайымы

Курманбекова Калима Курманбековна

Комиссиянын катчысы

Байсеркеева Валентина Жумадиловна

Комиссиянын мүчөсү

Ормонов Урматбек Жанболотович

4.  Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы 3(үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы

Атабекова Рита Куляевна

Комиссиянын катчысы

Токтокуев Жалил Ниязбекович

Комиссиянын мүчөсү

Курманбек уулу Берди

5. Түзүлгөн туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык иштерди жүргүзүүнү уюштурсун.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, туруктуу комиссияга

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткарууга карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 1/4
28-ноябрь-2024
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткарууга карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” №271 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын  20-сентябрындагы  “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” №271 Жарлыгын аткарууга алынсын.
  2. Кара-Бүргөн  айыл аймагынын калкынын саны 3324 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн  жалпы саны  40  өкүл деп бекитилсин.
  3. Өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөр Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн  айылдарындагы калктын санына жараша  шайлансын.  (№1 тиркеме тиркелет)
  4. Кара-Бүргөн   айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга  катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын  04-декабрынан  05-декабрына чейин деп белгиленсин. (№2 тиркеме тиркелет).
  5. Кара-Бүргөн айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын  тизмеси бекитилсин.  (№3 тиркеме тиркелет)
  6. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана  өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)
  7. Кезектеги III Элдик Курултайдын  делегатын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү 2024-жылдын 07-декабры деп белгиленсин  (№5 тиркеме тиркелет)
  8. Бул токтом мыйзам талаптарына ылайык массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, Нарын облустук юстиция башкармалыгына

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин  28-ноябрь  2024-жылдагы

кезектеги  №1  сессиясынын  №1/4 токтомуна  №1  тиркеме

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарынын

 саны жана квотасы

 

 Айылдардын  аталышы

 Калкынын саны

 Берилүүчү квотанын саны

1

Ак-Чий айылы

515

6

2

Жаңы-Тилек айылы

485

6

3

Кара-Бүргөн айылы

2224

28

 

БААРЫ

3324

40

 

 

Жооптуу катчы                                                        Төрөбек кызы Марипа

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин  28-ноябрь 2024-жылдагы

кезектеги  №1 сессиясынын №1/4   

токтомуна  №2 тиркеме

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында 2024-жылдын 04-декабрынан 05-декабрына чейин өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү ГРАФИГИ

 

Көчөлөрдүн аталышы

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

 Уюштуруучулар

1

Ак-Чий айылы

Айылдык клубдун имараты

04-декабрь

 2024-жыл

 саат 10-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

2

Жаңы-Тилек айылы

К.Рыскулов атындагы клуб Турусбек Байсалов көчөсү 56

04-декабрь

2024-жыл

 саат 14-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

3

Кара-Бүргөн айылы

Жусупбаева Жибек

Кыдыршаев Токтогул

атындагы көчөлөрүндө

05-декабрь

 2024-жыл

 саат 10-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

4

Кара-Бүргөн айылы

Шербалиева Гүлбаары

Калчабаев Тутун атындагы көчөлөрүндө

 

05-декабрь

 2024-жыл

 саат 12-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

5

Кара-Бүргөн айылы

Топчубеков Токтосун

К.Байсогур уулу ,    Акунова Эрмек.

атындагы

көчөлөрүндө

 

05-декабрь

 2024-жыл

 саат 14-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

4

Кара-Бүргөн айылы

Төш-Булак, Кадыралы, Сейитказы

көчөлөрүндө

05-декабрь

 2024-жыл

 саат 16-00

Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу

>

 

            Жооптуу катчы                                                       Төрөбек кызы Марипа

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  28-ноябрь   2024-жылдагы

кезектеги №1  сессиясынын №1/4   

токтомуна   №3 тиркеме

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында 2024-жылдын 04-декабрынан  05-декабрына чейин өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кенештин депутаттарынын тизмеси

 

    А.А.А.

Кызматы

Кайсы айылга жооптуу

1

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

2

Дүйшөналы уулу Акыл

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

3

Курманбекова Калима Курманбековна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

4

Атабекова Рита Куляевна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

5

Кемелов Билимбек Ильясович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

6

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

7

Курманбек уулу Берди

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Кара-Бүргөн айылына

8

Рысбаева Медина Мелисовна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Ак-Чий

 айылына

9

Ормонов Урматбек Жанболотович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Ак-Чий

 айылына

10

Байсеркеева Валентина Жумадиловна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Жаңы-Тилек айылына

11

Токтокуев Жалил Ниязбекович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Жаңы-Тилек айылына

 

Жооптуу катчы                                                        Төрөбек кызы Марипа

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык  кеңешинин 28-ноябрь   2024-жылдагы

кезектеги №1  сессиясынын №6/1   

токтомуна  №4 тиркеме

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында  Кезектеги III Элдик Курултайды делегат шайлоо боюнча  жумушчу тобунун курамы

 

    А.А.А.

Кызматы

Жумушчу топтогу ролу

3

 Төрөбек кызы Марипа

Айылдык кеңештин катчысы

төрайымы

4

Эшболот уулу Адилет

Жаңы-Тилек айылынын айыл башчысы

Мүчөсү

5

Русланов Кудайберген Русланович

Кара-Бүргөн айылынын айыл башчысы

Мүчөсү

6

Мамакеева Берметкан Бектуровна

Персионер                        Кара-Бургөн айылынын тургуну

Мүчөсү

7

Саалиев Жалил Абдыкапарович

Ак-Чий айылынын тургуну

Мүчөсү

 

 

Жооптуу катчы                                                        Төрөбек кызы Марипа

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-ноябрь   2024-жылдагы

кезектеги  №1 сессиясынын №1/4 

токтомуна  №5  тиркеме

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында Кезектеги III Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өтүлүүчү жер

 

 

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

 Уюштуруучулар

 

1

Кара-Бүргөн

Кара-Бүргөн айылдык клубунун имараты

Т.Кыдыршаев атындагы көчөсү №31

07-декабрь

2024-жыл

 саат 10-00

Айылдык кеңеш, жумушчу  топ

 

        

   Жооптуу катчы                                                     Төрөбек кызы Марипа

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

“Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен комбайн үчүн каражат которуу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 2/1
09-декабрь-2024
“Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен комбайн үчүн каражат которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 16.05.2016-жылдагы №59 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине» ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:

1. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен  500,0 сом акча каражаты Кара-Бүргөн айылындагы жергиликтүү тургундардын демилгеси  жана каражаты менен алынган Нива эффект  комбайны  үчүн которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жергиликтүү тургундардын каражатынан жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен сатылып алынган комбайнды “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алуу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 2/2
09-декабрь-2024
Жергиликтүү тургундардын каражатынан жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен сатылып алынган комбайнды “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
  1. Кара-Бүргөн айылындагы жергиликтүү тургундардын жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын каражаты менен  алынган  Нива эффект комбайны жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алынсын.
  1. Эсептешүү иштери толук жүргүзүлгөндөн кийин аталган Нива эффект комбайнын мамлекеттик каттоо иштерин  жүргүзүү жагы   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Терек айылынын тургуну Чоткараева Жыргалбү Өзүбековнанын арызы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 2/3
09-декабрь-2024
Терек айылынын тургуну Чоткараева Жыргалбү Өзүбековнанын арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1.  Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54  “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү    10-ноябрь 1991-жылдагы Указын жетекчиликке алган Жениш колхозунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомундагы  Чоткараева Жаркын деген сөздөр Чоткараева Жыргалбү Өзүбековна деген сөздөр менен өзгөртүлүп, толукталсын
  2. Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54  “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү 10-ноябрь 1991-жылдагы Указын желекчиликке алган Жениш колхознунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомуна  киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бардык кызыкдар тараптарга билдирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго. Ж.Ө. Чоткараевага