КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 4/1
12-февраль-2025
Кара-Бүргөн айылынын Төш-Булак көчөсүнө Макеш ата наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамы менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
- Кара-Бүргөн айылындагы Төш-Булак көчөсү “Макеш ата” көчөсү деп аталсын.
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Ак-Талаа филиалына мурдагы Төш-Булак көчөсүнө тиешелүү маалыматтарын өзгөртүү жагы сунушталсын
- Төш-Булак көчөсүндө жайгашкан турак-жайларда жашаган тургундардын паспортторундагы маалыматтарын өзгөртүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Ак-Талаа филиалына, КР МК караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы.