2025-03-31 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы турак жай имараты жана жайлардын салык ставкасын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 5/1
28-февраль-2025
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы турак жай имараты жана жайлардын салык ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 ”Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 379-беренесине ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
  1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы турак жай имараты жана жайлардын салык ставкасынын  баасы 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин. 
  2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 03.02.2025-жылдагы №3/10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 5/2
28-февраль-2025
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 03.02.2025-жылдагы №3/10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексине”, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 74-75-беренелерине ылайык Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. 2025-2027-жылдарга Кара-Бүргөн айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир үй чарбага                              0 (нөл) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 03-февраль 2025-жылдагы №3/10 токтому жокко чыгарылсын.
  1. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюжетининин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 18200 сом планы алынып салынсын.
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 4,0 га жер аянтын таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндо

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 6/1
07-март-2025
Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 4,0 га жер аянтын таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндо
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №01-4/36 “Кара-Бүргѳн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 2,0 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” жана 2025-жылдын 6-мартындагы №01-4/37 “Кара-Бүргѳн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 2,0 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” буйругунун негизинде Кара-Бургөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (4,0 га) жер тилкеси  мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
  1. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (2,0 га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы  жер аянты  Жаны-Тилек айылына таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
  1. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (2,0 га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер аянты Ак-Тилек айылына таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы инвентаризациядан өткөн арык каналдарды муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 6/2
07-март-2025
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы инвентаризациядан өткөн арык каналдарды муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” № 207 токтомунун негизинде, Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 29-апрелиндеги  “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” № 207 токтомунун негизинде инвентаризация аркылуу такталган төмөндөгү арык каналдар Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын:

-Ак-Чий айылына тиешелүү Жаңы-Чегиртке каналы -13,00 км

-Ак-Чий айылына тиешелүү Эски Чегиртке каналы -31,10 км

Баары- 44,10 км арык каналдар.

-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Чоң-Көк-Колот, Кичи-Көк-Колот, Тай-Сарай каналдары -15,692 км

-БДР Көк-Колот-  сыйымдуулугу 0,175 млн м3

-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Кемеге-Кайырма каналы- 15,348 км

-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Чегирке каналы-18,79 км

-БСР Чегиртке-  сыйымдуулугу  0,190 млн м3

Баары-49,83 км арык каналдар

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы  Ак-Чий айылына тиешелүү 44,10 км арык каналдарга жана Кара-Бүргөн айылына тиешелүү 49,83 км арык каналдарга  баалоо жүргүзүү жалпы 93,93 км арык каналдардын, 1 БСР, 1 БДР документтери менен камсыздоо жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Тийиштүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Кара-Бүргөн айыл аймагындагы  Ак-Чий айылына тиешелүү 44,10 км арык каналдар жана Кара-Бүргөн айылына тиешелүү 49,83 км арык каналдар  Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
  1. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө