2024-09-12 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын шайлоо округдарынын чектерин аныктоо жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/1


04-сентябрь 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын шайлоо округдарынын чектерин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы шайлоо округдарынын чектери тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 04-сентябрь 2024-жылдагы

№13/1 токтому менен бекитилген.

 

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

(Калкынын саны 3324, 11 мандат, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резерв, округдун саны 3)

 

№ 1 Кара-Бүргөн шайлоо округу  (УШК№4085)

Мандаттын саны 7, аялдар үчүн резерв 3.

Борбору: Кара-Бүргөн айылы, Кыдыршаев көчөсү №44, М.Базаркулов атындагы орто мектеби

Чекарасы:  Кара- Бүргөн айылы, Ж.Жусупбаева, Т.Кыдыршаев, Г.Шербалиева, Калчабаев, Т.Топчубеков, К.Байсогур уулу, Э.Акунова, Төш-Булак, К.Маметов, Кадыралы, Сейитказы көчөлөрү.                                                                                                                                                                                Саз, Дарбаза, Жайыл-Булак, Айгыр-Булак, Кашка-Суу участкалары

Шайлоочулардынсаны:1673

 

№2 Ак-Чийшайлоо округу, (УШК№4086)

Мандаттын саны2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

Борбору: Ак-Чий айылы.УстаТурдуке көчөсү 46, М.Балбаков атындагы орто мектеби

Чекарасы:Ак-Чий айылы,Уста-Турдуке,Ч.Секиев көчөлөрү.

№15 ЖТИнин Ак-Чий дендистанциясы, Кара-Ой, Ак-Кайын, Туура-Суу ,Сары-Бел, Терен-Коо, Ала-Байтал, Майстан, Балбан-Таш участкалары

Шайлоочулардын саны:379

 

№3 Жаңы-Тилек шайлоо  округу  (УШК№4087)

Мандаттын саны– 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв

Борбору: Жаны-Тилек айылы. Т.Байсалав көчөсү 54, К.Рыскулов атындагы айылдык клубу

Чекарасы: Жаны-Тилек айылы, Карабала Байгашкаев,Турусбек Байсалов көчөлөрү.

№15ЖТИЖаны-Тилек, Мыкачы, Төш-Булак, Туура-Суу, Ормон, Курмушу, Туура-Суу, С Шайлоочулардын саны:378

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/2


04-сентябрь 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин ” негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Кара-Бүргөн  айыл аймагынын 2025- жылдын жергиликтүү бюджетинин  кирешелери  23641,1 мин сом   жана  чыгашалары   боюнча жалпы көлөмү 23641,1 миң сом  болуп  бекитилсин.              
  2. Кара- Бүргөн  айыл  аймагынын  2025-жылга жергиликтүү  бюджетинин долбоорунун кирешеси  23641,1   мин  сомго  бекитилсин.  

 

Салыктардын жана башка төлөмдөрдөн: (киреше)

Киреше  салыгы

4059,0

Патент

8,0

Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык

3,5

Унаа каражаттарына салык

295,0

Огород салыгы

62,5

Айыл чарба багытындагы жерлер

426,2

Айыл чарба багытындагы эмес жерлер

82,9

Жер алдындагы минералдык суулар

50,0

Роялти

201,0

Калктуу конуштагы жерлердин ижара акысы

48,0

Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн төлөмдөр

50,0

КБФнун жерлеринин ижара акысы

307,0

Мусор чыгаруудан

0

Лицензиядан

559,0

Атайын каражаттардан

652,5

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

112,0

Тендештирилген грант

16035,2

Жайыт

689,5

Жалпы

23641,3

 

  

Чыгаша бөлүгү:                                       Башкарууга

Аталышы

статья

баары

Эмгек акыга

2111

10445,6

Соц фонд

2121

1530,9

Сапар чыгымына

2211

100,0

Байланыш кызматы

2212

36,0

ГСМ, запчасть

2214

150,0

Ар кандай чыгым

2215

212,8

Мүлктү учурдагы оңдоого

2221

60,0

Чарбалык максаттагы чыгымдар

2222

50,0

Көмүр

2224

100,0

 

баары

12685,3

                                                Жайыт

Аталышы

статья

баары

70491 Башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер

22154900

689,5

 

баары

689,5

                                             ЖКХ

Аталышы

статья

баары

ГСМ

2214

500,0

Ар кандай кызматтарга

2215

301,6

Негизги каражат

3111

3006,9

Өсүмдүктөрдү алууга

3113

80,0

 

баары

3888,5

                                                 Китепкана

Аталышы

статья

баары

Эмгек акыга

2111

1411,8

Соц фонд

2121

243,5

Сапар чыгымына

2211

25,0

Байланыш кызматы

2212

18,0

Мүлктү учурдагы оңдоого

2221

30,0

Чарбалык максаттагы чыгымдар

2222

15,0

 

баары

1743,3

                                                  Клуб

Аталышы

статья

баары

Эмгек акыга

2111

1778,1

Соц фонд

2121

306,7

Сапар чыгымына

2211

25,0

Мүлктү учурдагы оңдоого

2221

30,0

Чарбалык максаттагы чыгымдар

2222

15,0

Көмүр

2224

39,0

 

баары

2193,8

 

 

Бала бакча

Аталышы

статья

баары

Интернет кызматы үчүн

2212

54,0

Балдардын ысык тамагы үчүн

2218

502,2

Ремонт үчүн

2221

90,0

Чарбалык максаттагы чыгымдарга

2222

60,0

Көмүр

2224

180,0

Сууга

2231

26,7

Балдардын ысык тамагы үчүн

2218 спец

652,5

 

баары

1565,4

                            Мектеп

Аталышы

статья

баары

Мүлктү учурдагы оңдоого

2221

90,0

Чарбалык максаттагы чыгымдар

2222

60,0

Көмүр

2224

440,0

Суу

2231

35,5

 

баары

625,5

                                              Соц коргоо

Аталышы

статья

баары

Соц коргоо

2721

219,7

 

баары

250,0

 

            ЖАЛПЫ БААРЫ

 

23641,3

 

  1. Кара-Бүргөн   айыл  аймагынын  жергиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар    бөлүгүнүн долбооруунун аткарылышына  көзөмөл  жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө. Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/3


04-сентябрь 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин ” негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мектеп  3111-беренесинен 500,0 сом  3112-беренсине жылдырылсын.

 

                                                                    МЕКТЕП

Аталышы

берене

баары

Подвалга желдетүүчү шаймандары жана эмеректерди алууга

3112

500,0

 

баары

500,0

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б. Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө. Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын бюджетине кошумча түшкөн каражатты пайдалануу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/4


04-сентябрь 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын бюджетине кошумча түшкөн каражатты пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин ” негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын бюджетине кошумча түшкөн 189,8 сом каражат төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын

 

                                                    АППАРАТ

Аталышы

берене

баары

Эмгек акы

2111

167,2

Ар кандай кызмат көрсөтүүлөр

2215

22,6

 

баары

189,8

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө. Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/5


04-сентябрь 2024-жыл
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагында  жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

Кара-Бүргөн айыл аймагынын

айылдык кеңешинин 04-сентябрь 2024-жылдагы

№13/5 токтому менен бекитилген.

 

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн                                             тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы N 2762010-жылдын 18-сентябрындагы N 2102014-жылдын 13-январындагы N 232015-жылдын 23-июлундагы № 5232015-жылдын 7-декабрындагы № 841, 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 4912017-жылдын 24-февралындагы № 1192017-жылдын 31-майындагы № 3152018-жылдын 29-январындагы № 59 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.

2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо - облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.

3. Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу тийиштүү атайын укуктуу орган түзүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү кирет.

4. Берилчү объект болуп тийиштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.

5. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлдүк органдары аныкташат.

6. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болушу жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн чектөөсүз болууга тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмеси көрсөтүлөт.

 

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 5232017-жылдын 24-февралындагы № 119 токтомдорунун редакциясына ылайык)

7. Жеке менчик турак уй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жараны ээ болот:

- ушул пункттун экинчи абзацында аталган администрациялык-аймактык бирдиктерден башка администрациялык-аймактык бирдиктердин аймагында 1 жылдан кем эмес жашаган;

- Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок;

- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жок;

- акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган.

Ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жерлерди өздөштүрүү аркылуу, жаңыдан түзүлгөн калктуу конуштарга колдонулбайт.

 (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 315 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- аныкталган формадагы арыз;

- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);

- эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);

- атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;

- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);

- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июну N 276 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы комиссияга "Санарип аймак" АМС системасынан жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга талапкер адамдардын жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматтарды берет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

10. Жер-жерлердеги тийиштүү атайын укуктуу органдар тапшырылган документтерди кароо үчүн төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүшөт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрү;

- архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлү;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлү.

Атайын укуктуу органдын чечими менен комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү кириши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:

- жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;

- жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;

- сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.

12. Архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:

- комиссиянын заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;

- бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;

- санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;

- алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мүмкүндүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.

13. Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:

- жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);

- жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен;

- инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.

14. Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө түшкөн өтүнүчтөрдү жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.

15. Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу органдын туруктуу негизде иштөөчү тийиштүү кызматтары аткарышат.

Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал ыйгарым укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөө жөнүндө чечимин даярдоо үчүн негиз болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Жеке турак жайларды куруу үчүн жер участоктору берилген арыздарга ылайык кезектүүлүк тартибинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.

Жер участоктору төмөнкү окуялардан улам майып деп табылган, жаракат алган жана мертинген адамдарга, ошондой эле каза болгон адамдардын балдарына биринчи кезектеги тартипте берилет:

- 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда;

- 2005-жылдын 24-мартындагы Бишкек шаарында;

- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында;

- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда;

- 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында;

- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышууларда.

Ошондой эле биринчи кезектеги тартипте жер участогу жакын туугандык мамиледе болгон үч жана андан ашык үй-бүлө менен биргеликте бир турак жайда үй-бүлөсү менен чогуу жашаган бир үй-бүлө мүчөсүнө жана көмүр шахтасында жер астындагы өткөөл чыгаруучу болуп 25 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз эмгектенген жана өндүрүш процессинде каза болгон шахтерлордун балдарына берилет.

-I-II-группадагы майыптуулугу бар,бараар көрөөрү жок, томолой жетим болуп турак жай  куруу үчүн жер аянтын ала элек жарандарга

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)

17. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 18. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участогун чегарасы натурасында (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жана турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге чейин өздөштүрүүнү баштоого тыюу салынат.

19. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы N 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

20. Жер участогун бөлүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте, ошондой эле сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.   

Жобо жалпы:20(жыйырма) бөлүктөн 4(төрт) барактан турат.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Кара-Бүргөн айыл аймагынын ишмердүүлугү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/6


04-сентябрь 2024-жыл
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Кара-Бүргөн айыл аймагынын ишмердүүлугү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Кара-Бүргөн  АКИАнын төрагасы Ж.Калпаевдин маалымат-отчету кабыл алынсын
  2. Айыл өкмөт АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүу жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.АРИСтин Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгүнө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айылдарга беккари чуңкурун уюштуруу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№13/7


04-сентябрь 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айылдарга беккари чуңкурун уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айылындагы Кара-Талаа участкасындагы №1071 контурунан 1,5га  таштанды таштоочу жайдын жер аянтынын ичинен   беккари чуңкурун уюштуруу үчүн 0,1га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  1. Ак-Чий айылындагы Айгыр-Жал участкасындагы №1276 контурунан 1,5га  таштанды таштоочу жайдын жер аянтынын ичинен беккари чуңкурун уюштуруу үчүн 0,1га жер аянты бөлүнүп берилсин
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө