Чаткал РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте түзүлгөн графиктин негизинде Коргон-Сай айылына барып, жашоочулардын арыз-муңун жеринен угушту.
Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, аталган айылда жайгашкан Р.Акназвров орто мектебинде 11-класстын окуучуларына алдыда келе жаткан акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти. Ошону менен катар милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга сууга түшүүгө кооптуу болгон жайларда балдарды этияттап, ар кандай күтүлбөгөн кырсыктар, окуялардын алдын алуу керектигин эскертишти.