МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

Урматтуу Кара-Бүргөн айыл аймагынын тургундары!
 
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
 
Шайлоо — өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуялардын бири. Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана калкка так, ишенимдүү маалыматтарды жеткирүү демократиялык коомду өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.
 
Жарандардын шайлоо тартиби, шайлоо укуктары жана шайлоо процессине байланыштуу маалыматтар менен алдын ала тааныш болушу алардын өз укуктарын билүүсүнө жана шайлоо процессине аң-сезимдүү катышуусуна шарт түзөт. Ошондой эле расмий маалыматтардын кеңири жайылтылышы коомчулукта туура түшүнүктүн калыптанышына, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө жана шайлоого байланыштуу маалыматтык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
 
Ушуга байланыштуу Кара-Бүргөн айыл өкмөтү айыл аймагынын бардык тургундарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан даярдалган маалыматтык видеороликтер менен таанышууга чакырат.