Урматтуу тургун!
Назарыңызга жергиликтүү жамааттын 2027 жылга Жарандык бюджетин сунуштайбыз. Бул документ жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн иштелип чыкты. Жарандык бюджет жергиликтүү бюджет кайсы булактардан түзүлүп, кандай максаттарга жумшалып жатканын жалпак, түшүнүктүү тилде баяндап берет. Бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугу жана бул процесске бардык кызыкдар адамдардын катышуусу жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жамаатты өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттарды биргелешип, мурдагыдан да натыйжалуу аныктоого жардам берет. Жарандык бюджет кеңири коомчулукка даректелет. Бюджеттик каражатты түзүүгө, бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тиешелүү болгон, түшүнүктүү, кыска, керектүү маалыматтар камтылган бул документти ар бир адам колдоно алат.
Мэр/башчы: м.а. Төрөбек кызы Марипа
Эгерде бюджет жөнүндө толугураак маалымат алгыңыз келсе финансы бөлүмүнүн башчысына төмөнкү адрес боюнча кайрылыңыз: Кара-Бургон айыл окмоту, Ак-Чий айылы, Ч. Секиев 40, 0702597659, e-mail: kara-burgon@bk.ru, web-site: https://kara-burgon.gov.kg