КОНКУРС!

КОНКУРС!

КОНКУРС!

УРМАТТУУ КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АКТИВДҮҮ ТУРГУНДАРЫ!

Кара- Бүргөн айыл өкмөтү сиздерди ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ КАРЖЫЛОО конкурсуна катышууга чакырат!

Сиздерден – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган демилге,

бизден – каржылоо!

Конкурска төмөнкү багыттардагы жергиликтүү демилгелер менен катыша аласыздар:

  • Парктардын, спорттук курулуштардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
  • Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • Балдар жана жаштар менен алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө арналган иш-чараларды уюштуруу.
  • Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу.

Документтер 2025-жылдын 4-июль күнүнүн саат 17:00гө чейин Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн имаратында Ак-Чий айылы Ч. Секиев көчөсү № 40 дарегинде  кабыл алынат.

Байланыш үчүн адис – Мамытасымова Күнайым ,  тел. 0709713012.