2024-06-06 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Бириктирилген Кара-Бүргөн айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/1


19-апрель 2024-жыл
Бириктирилген Кара-Бүргөн айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кара-Бүргөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Кара-Бүргөн жана Ак-Чий  айыл аймактарын бириктирип, Ак-Чий  айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Бүргөн  айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

    2. Бириктирилген Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

    3.Кабыл алынган токтом боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы А.Акиевге милдеттендирилсин.

     

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун ПРСВСНО алдындагы долбоору менен кызматташуу жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/2


19-апрель 2024-жыл
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун ПРСВСНО алдындагы долбоору менен кызматташуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Жаңы-Тилек айылы экинчи этапка киргендигин байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү максатында Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Жаңы-Тилек айылы экинчи этапка киргендигин байланыштуу кызматташтыкка макулдук берилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1596411 сом каражатты “Кадан-Майстан” муниципалдык ишканасынын бюджетине которуу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/3


19-апрель 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1596411 сом каражатты “Кадан-Майстан” муниципалдык ишканасынын бюджетине которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика иштери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн жеригиликтүү бюджеттин ЖКХнын беренсиндеги 3112-беренесиндеги  1596411сом акча каражаты  Кадан-Майстан муниципалдык ишканасынын  бюджетине  которулуп берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүүнү уюштуруу үчүн комиссиянын курамын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/4


19-апрель 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүүнү уюштуруу үчүн комиссиянын курамын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июну № 243 токтомунун негизиндеги Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 08-апрель  2024-жылдагы №49 буйругу менен түзүлгөн Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүүнү уюштуруу  үчүн түзүлгөн комиссиянын курамы жана иш регламенти бекитилсин.  (Иш регламенти тиркелет)

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин  19-апрель 2024-жылдагы

кезексиз сессиясынын №10/4 токтомуна

тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин                               мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча                                     комиссиясынын иш регламенти

1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын чегиндеги жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин өлчөмү жана конкреттүү ижара мөөнөттөрү Жер комиссиясы тарабынан аныкталат.

2. Чет элдик жактарга Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери берилбейт.

3. Жер комиссиясынын чечимине макул болбогон учурда аукциондун же конкурстун катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сот органдарына кайрыла алат.

4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планды иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырылат.

5. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.

6. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.

7. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (мындан ары - РАӨБ) өкүлү; кирет:

- Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет;

Жер комиссиянын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат.

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалат.

8. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин кошпогондо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

9. Жер комиссиясы:

- лотторду түзөт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;

- конкурстун шарттарын аныктайт;

- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;

- лоттордун чек араларын аныктайт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;

- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;

- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;

- ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

10. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:

- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;

- аукциончу.

11. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар белгиленген формада арыз (№ 1 тиркеме) беришет жана жободо каралган документтерди берет.

Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.

12. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, ошондой талап кылынган  документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт.

Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.

13. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (№ 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү.

Тоорукка катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

14. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

- аукционго, конкурска катышууга арыз;

- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;

- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.

Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.

Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.

15. Катчы талап кылынган  бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.

16. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№ 3 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.

17. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:

- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;

- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;

- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.

Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.

18. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.

19. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.

20. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.

21. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:

- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;

- жеңүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.

22. Калган учурларда кепилдик төлөм:

- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;

- тоорук бүткөн убактан тартып;

- тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.

23. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.

24. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.

25. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.

26. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:

- лоттун номери;

- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);

- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;

- ижара акысы;

- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);

- аукциондун "арымы";

- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;

- сервитуттардын болушу же жоктугу.

27. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:

- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;

- аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;

- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;

- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;

- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;

- ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";

- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;

- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.

Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.

28. Аукциондун "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.

 

29. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.

30. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.

31. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.

Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.

32. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.

33. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө лротоколго кол коюуга тийиш. (№ 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.

34. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

35. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 6 тиркеме) түзүлөт.

36. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:

а) бир катышуучу катышса;

б) №243  Типтүү жобонун 48-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.

37. №243 Типтүү жобонун  50-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.

Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес.

Эгер экинчи тоорук ушул №243 Типтүү жобонун 50-пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

38. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.

39. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле ушул №243 Типтүү жобонун 52-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.

40. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:

- лоттун номери;

- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);

- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;

- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;

- ижара мөөнөтү;

- сервитуттун болушу же жоктугу;

- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;

- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.

Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.

41. Конкурс Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:

- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат). Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

42. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса;

- №243  жобонун 48-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.

43. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.

Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

44. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.

45. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.

46. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.

47. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.

48. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.

Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.

Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

49. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.

50. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.

51. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (№ 5 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:

- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;

- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;

- конкурстун жеңүүчүсү.

Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.

52. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 6 тиркеме) түзүлөт.

Ушул Типтүү жобонун 66-пунктунда белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.

53. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.

54. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.

55. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле №243 Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;

- үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;

- социалдык багыттагы субъекттер.

56. Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.

57. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - айыл өкмөтү үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине түз берүү үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери бар экендиги жөнүндө РАӨБгө билдирүү жиберет.

РАӨБ 14 календардык күндүн ичинде үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине мындай жерлердин бар экендиги жөнүндө кат жүзүндө билдирет.

Үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери 14 календардык күндүн ичинде тиешелүү айыл өкмөтүнө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын кат жүзүндө киргизишет.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз алуу боюнча сунуштар берилбеген же баш тартылган учурда Жер комиссиясы бул участкаларды аукцион же конкурс өткөрүү жолу менен бергенге укуктуу.

58. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.

59. Жер комиссиясы арыздарды жана ушул №243 Типтүү жобонун                                   71-пунктунда каралган тиешелүү документтерди карайт, андан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.

60. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.

61. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан, ошондой эле №243  Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.

62. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.

63. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.

64. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.

65. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

66. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, аштык буудай данын өстүрүү үчүн жерлердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу жөнүндө милдеттер, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.

67. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.

68. №243 Типтүү жобонун 3-пунктунда белгиленген талаптарды эсепке алуу менен ижара акысы бир жолу же мезгил-мезгили менен төгүлүүчү төлөмдөрдүн так аныкталган суммасы түрүндө киргизилиши мүмкүн, алардын төлөө мөөнөттөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

Бул учурда Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү мөөнөтү 1-ноябрдан кечикпей аяктай турган айыл чарба жылы катары эсептелет.

 

69. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;

- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;

- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;

- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;

- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

- аштык буудай данын өстүрүү үчүн жерлердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу боюнча милдеттерди аткарбоо.

70. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө ушундай, келишим түзүүгө ниеттенгени жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарачыга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

Ижарага алган жер участоктору боюнча ижара, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөшкөн, өз ишин максаттуу багыты боюнча жүргүзүшкөн үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик жана тажрыйба-селекциялык чарбалар, илимий-изилдөө мекемелери, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери келишимдин мөөнөтү аяктаганда жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин конкурссуз, биринчи кезекте кайра түзүү укугуна ээ болушат.

Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эгерде ижарачы ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикири берилбеген шартта келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби, анын ичинен төлөмдүн чегин аныктоо жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кунары кеткен жерлери айылдык товар өндүрүүчүлөргө, чарбакер субъекттерге №243 Типтүү жобого ылайык ижарага берилиши мүмкүн.

71. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.

72. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат.

73. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруучу, натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу, бул жерлерди башкарууда, тактап айтканда, Келечек планды түзүүдө, бул жерлерди башкаруу боюнча тооруктарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө методикалык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.

Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин берүүнү, башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу жүзөгө ашырат.

Калктын социалдык жактан аялуу категорияларына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 1 тиркеме

 

 

 

А/ө башчысы ______________________________________ (ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
_____________________________________

(паспорт боюнча маалыматтар серия, ______________________________________
номери, качан, ким тарабынан берилген) ______________________________________
(юридикалык жактын аталышы, ______________________________________
юридикалык дареги)

АРЫЗ

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун N __________ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.

Тиркелүүчү документтердин тизмеси:

1) ____________________________________________

2) ____________________________________________

3) ____________________________________________

4) ____________________________________________

Арыз ээсинин колу ________________________________________________

_____________________________________________________________________________

                                           (фамилиясы, аты-жөнү)

________ жылдын "______" ______________________

Арыз берген күнү жана каттоо номери ______ жылдын "_____" ________ _____________________

__________________________________________________ (арызды кабыл алган адамдын кызмат орду)

______________________________________________________________________

 (арызды кабыл      алган адамдын кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, колу,)

Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 2 тиркеме

 

БИЛДИРҮҮ
(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

__________ жылдын "________" _______________ _____________________

     (жылы)                  (күнү)             (айы)               айыл өкмөтү

Каттоо номери _______________

1.

______________________________________________________________________

     (талапкердин, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт N ______________________________________________________________________

                                   юридикалык жактын аталышы)

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун лот _______________,

аянты _________ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери

______________________________________________________________________

                                      (орун алган жеринин жазылышы)

2. Тоорук (аукцион, конкурс) 200 ____ ж. "_____"__________________ N _________ кабинетте _____________________________________ имаратында

                               (жайгашкан жери толук жазылат)

дареги боюнча өткөрүлөт.

3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:

____________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы жана колу

__________________ колу

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 3 тиркеме

 

ПРОТОКОЛ N
__________ ______ жылдын "_______" ________________ (күнү) (айы)

арыз ээлерин (талапкерлерди) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча ______________________________

тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага

__________________________________________________________________

Катчы

__________________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү

__________________________________________________________________

Арыздардын саны ___________, анын ичинде

аукционго _________________,

конкурска _________________.

Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):

1. _______________________________________________________________

2. _______________________________________________________________

3. _______________________________________________________________

Тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):

1. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

2. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

3. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

Жер комиссиясынын төрагасы _______________________________________

 

 

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 4 тиркеме

ПРОТОКОЛ N
___ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Аукционду уюштуруучу: ____________________________________________

Аукционду алып баруучу: __________________________________________

Жеңүүчү: _________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________

Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны: ____________________

Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,

анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,

чабындылар __________ га.

Ижара мөөнөтү ____________________________________________________

                                                    (сан жана жазуу түрүндө)

Баштапкы ижара акысы _____________________________________________

                                                   (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысынын акыркы өлчөмү _____________________________________

                                                         (сан жана жазуу түрүндө)

Тоорукту уюштуруучу _____________________

                                       (Ф.А.Ж.) (колу)

Аукционду алып баруучу __________________

                                         (Ф.А.Ж.) (колу)

Аукциондун жеңүүчүсү ____________________

                                      (Ф.А.Ж.) (колу)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 5 тиркеме

ПРОТОКОЛ N
_________ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы)

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага ___________________________________________________________

Катчы ____________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________

Жеңүүчү: _________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________

Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,

анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,

чабындылар __________ га.

Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны:

Катышуучу

Сунуш

Конкурстун жеңүүчүсү

 

Экинчи жеңүүчү

 

Ж.у.с.

 

Ижара мөөнөтү ____________________________________________________

                                             (сан жана жазуу түрүндө)

Баштапкы ижара акысы _____________________________________________

                                                (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысынын түрү жана мөөнөтү__________________________________

                                                         (сан жана жазуу түрүндө)

Конкурстук комиссиянын төрагасы __________________

                                                 (Ф.А.Ж.) (колу)

Конкурстук комиссиянын катчысы __________________

                                               (Ф.А.Ж.) (колу)

 

 

 

 

 

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 6 тиркеме

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоонун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 602, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

_____ жылдын "_______" ____________ _________________айылы (шаары)

                                        (датасы)

Биз, _____________________________________________________________

                                          (башчынын аты-жөнү

______________________________________________________________________

                               айылдык, поселоктук кеңештин аталышы)

мындан ары бир тараптан - "Ижарага берүүчү" деп аталуучу жана экинчи тараптан

______________________________________________________________________

______________________________________________________________________

   (жер участогун ижарага алуучунун аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы)

мындан ары "Ижарачы" деп аталгандар төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түздүк:

1. Келишим заты

1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга тиркелген жер экспликациясына ылайык ушул келишимге тиркелген пландын (картанын) 1: ______ масштабындагы чектерде көрсөтүлгөн га жерди, анын ичинде тиркелген жердин баяндамасына ылайык жердин түрлөрү боюнча ижарага ___________ жылдык мөөнөт менен _______ жылга чейин берет.

2. Ижара акысы

2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) Ижарага берүүчүгө сом өлчөмүндө ижара акысын графикке ылайык төлөп турууга милдеттенет.

2.2. Ижара акыны төлөө боюнча милдеттенме бузулганда Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнгөн сумманын 0,5 процент өлчөмүндө айып төлөйт.

2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, бирок жылына бирден көп эмес жолу өзгөртүлөт.

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

3.1. Ижарачы төмөндөгүлөргө укуктуу:

- ижарага алган жер участкасында өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

- ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзүүгө;

- мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижарага алынган жерлерди алып койгон учурда кыртыштардын асылдуулугун жогорулатууга жумшаган жана кеткен чыгымдарга, алалбай калган пайданы да кошуп компенсация алууга;

- ижарага алынган жер участкасында жайгашкан жалпыга таралган пайдалуу кендерди чарбанын керектөөлөрү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

- ижарага алынган жер участкасында белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участкасын ижаралоо укугун салым катары киргизүүгө.

3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдаланууга;

- ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;

- ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;

- башка жер пайдалануучулардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартиптерин бузбоого;

- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлап кетишине байланыштуу чыгымдарды, алалбай калган пайданы толук көлөмүндө Ижарага берүүчүгө жана жерди аралаш пайдалануучуларга төлөп берүүгө;

- Ижарага берүүчү жерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына участкага эркин киришин камсыз кылууга;

- жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;

- келишим аяктагандан кийин жер участкасын келишим кучүнө кирген мезгилде кандай болсо, ошондой абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө.

4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жерди пайдалануу жана коргоо боюнча Ижарачынын иштерине контроль жүргүзүүгө;

- жер участкасында курулган мелиоративдик, рекультивациялык, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой өсүмдүктөрүн отургузуу, эрозияга каршы жана башка объекттердин ишке киришин кабыл алууга катышууга;

- Ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуртууга;

- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарачынын макулдугу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

- ушул келишимдин шарттарын жана жер, жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузууга алып келген Ижарачынын иштерин токтотууга.

4.2. Ижарага берүүчү темөнкүлөргө милдеттүү:

- келишим катталган мезгилден тартып __________ мөөнөттүн ичинде келишимдин шарттарына жана милдеттерине ылайык келгендей абалда жер участкасын Ижарачыга өткөрүп берүүгө;

- Ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланышына жолтоо болбоого;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;

- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;

- эгерде Ижарачы каза болуп калса, ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын бир мураскору менен берген арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалын жакшыртууга жана жерлерди өздөштүрүүгө кеткен Ижарачынын чыгымдарын толук же жарым-жартылай ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин төлөп берүүгө.

5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун тартиби

5.1. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

а) жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;

б) жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо;

в) жер участкасын кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген жолдор менен пайдалануу;

г) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;

д) кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;

е) ижарачы тарабынан келишимдин шарттарын аткарбоосу;

ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участкасын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

з) тараптардын ижара акынын өлчөмүн индексациялоо боюнча макулдашууга жетишпөөсү.

и) аштык буудай данын өстүрүү үчүн жерлердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу боюнча милдеттерди ижарачы тарабынан аткарбоосу.

Эки тараптын айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин же бүткөндөн кийинки жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча же соттук тартипте ушул келишим өзгөртүлүшү же мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

Фонддун жерлерин ижаралоо келишимин бузуу айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин, түшүмдү жыйнагандан кийин жүргүзүлөт.

6. Тараптардын жоопкерчилиги

Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

7.1. Ушул келишим боюнча мүмкүн болуучу бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.

7.2. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

7.3. Башка шарттар

7.4. Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.

7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:

 

Ижарага берүүчү

 

Ижарачы

___________________________

 

___________________________

___________________________

 

___________________________

___________________________

 

___________________________

 

Колдору:

Ижарага берүүчү

 

Ижарачы

___________________________
(колу)

 

___________________________
(колу)

М.О.

 

Келишим ______________ районунда 200 -жылдын "________" __________ катталды.

Каттоо номери ___________

М.О.

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын иш регламентине № 7 тиркеме

Ижарага берилген жерлердин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

__________________________________________________________________

                     (аталышы же ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)

 

Жалпы аянты, га

Анын ичинде

Бардык айдоо аянт

анын ичинде

көп жылдык

чабындылар

 

сугат

кайрак

өсүмдүктөр

 

 

 

 

 

 

 

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

М.О.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебине спорт зал курууга уруксат берүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/5


19-апрель 2024-жыл
Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебине спорт зал курууга уруксат берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин имараты  жайгашкан жер аянтына кошумча спорт зал куруугу уруксат берилсин.

 

  1.  Курулуш үчүн талап кылынган иш кагаздарын бүткөрүү  жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Ак-Чий айылындагы муниципалдык менчикте турган саунага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/6


19-апрель 2024-жыл
Ак-Чий айылындагы муниципалдык менчикте турган саунага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы муниципалдык менчикте турган саунага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылындагы муниципалдык менчикте турган кампага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№10/7


19-апрель 2024-жыл
Кара-Бүргөн айылындагы муниципалдык менчикте турган кампага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн  айылындагы муниципалдык менчикте турган скампага  тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
А. Жунусов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№11/1


20-май 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Кара-Бүргөн айыл аймагын  2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитилсин.

 

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагын  2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашуруу жагы                          Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы кабыл алынган тарифтерди бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№11/2


20-май 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы кабыл алынган тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында 16.04.2024-жылы өткөн жыйындын токтомунун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагында 16.04.2024-жылдагы №9 жыйынында кабыл алынган төмөндөгү тарифтер бекитилсин:

 

  1. Талаачылык иштери боюнча:

Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айдап-себүүчү техникалардын айдап-себүүсү үчүн акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:

Мурун айдалып жүргөн жерге 1га жер аянты үчүн:

айдоо-1500 сом, 30л күйүүчү май,  малалоо-750 сом, 10л күйүүчү май,  себүү- 750 сом,     жалпысы -3000 сом

Жаӊы айдалып жаткан  жерге 1га жер аянты үчүн:

 айдоо-1600 сом, малалоо-750 сом, себүү- 650 сом, жалпысы -3000  сом

Шакап салууга  100сом жана 3литр күйүүчү май сарпталат.

 

Сугат акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:  1га жер аянты үчүн жер сугат   - 2000 сом,  кара-сугат    - 3000 сом, Жалпысы   -  5000 сом

 

Чөп чабык акысы төмөндөгүдөй  өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:1га жер аянт чөп үчүн жатка  акысы - 1300 сом, Пресс 1 даанасы үчүн -  11 сом

                        

Жергиликтүү тургундарга төмөндөгүлөр сунушталсын: Жазгы сугат иштеринде биринчи кезекте айдалуучу жер аянтынын сугаты бүтмөйүн башка сугат иштери жүргүзүлбөйт.

1-майдан баштап  1-октябрга чейин   жерин корууга дыйкан өзү милдеттүү.

Жогорудагылардын негизинде тартип бузуулар болсо  тарап Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар  жөнүндө мыйзамынын негизинде жооп берүүгө милдеттүү экендиги эскертилсин.

 

 

  1. Мал чарбачылыгы боюнча

Бадачыларга мал багуу үчүн мал башына төмөндөгүдөй өлчөмдө акы алуу сунушталсын:

--- Ири мүйүздүү малга- 450 сом

--- майда жандык малга (кой,эчки,козу,улак) - 60 сом

--- жылкыга- 300 сом

Көчүп-конуу убактысы   01-майга чейин орто жайлоолорго, 01-июндан 10-июнга чейин Арпа жайлоосуна малды багуу жагы сунушталсын.                                                                                       Малдарды  1-октябрга чейин  сырткы жайлоолордо кармоо жагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүлсүн.

 

Малды  бадачы жоготуп алса мал ээсине

---козу үчүн-6000 сом                                         

---кой үчүн-8000сом,

---уй үчүн-45 000 сом

---торпок үчүн-30 000 сом

---кулун үчүн 25 000 сом

       ---жылкы үчүн-60 000 сом чыгымын төлөп берүү жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын.

 

Малдардын түрүнө жараша милдеттүү вакцинациялоо иштери өз убагында жүргүзүлүп турсун.

Өлгөн малдардын таштандысын Беккари чуңкуруна салуу ар бир мал ээсине милдеттендирилсин.

Айыл ичинде калган малдарга кесүү уюштурулсун.                                                                  Жайлоолорго өз алдынча малдарды айдабастан бадаларга кошулсун.

Айдоо аянттарга кирген мал ээсине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө мыйзамынын негизинде айып пулдар салынсын.

 

  1. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын нын техникаларынын кызмат көрсөтүүдөгү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
  • Эксковатор МТЗ-82 трактору казуу, көмүү тереңдиги 2м*1м -250 сом.
  • Арык казуу 1 метр- 40 сом
  • Яма казуу -2500 сом
  • Жүктөө камазга-800 сом
  • Жүктөө ЗИЛге -600 сом
  • Жүктөө ГАЗ-53-  400 сом
  • Жүктөө ХОВО-1200 сом
  • Погрузчик саатына- 3000сом
  • Жүктөө камазга-800 сом
  • Жүктөө ЗИЛге -600 сом
  • Жүктөө ГАЗ-53-  400 сом
  • Жүктөө ХОВР-1200 сом
  • Шагыл, топурак түшүрүү:
  • Камаз менен- 2500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары  айылы үчүн-2000сом
  • ХОВО менен -3500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары  айылы үчүн-3000сом
  • Таштанды чыгаруу:
  • Камаз менен- 2500 сом  Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары  айылы үчүн-2000сом
  • ХОВО менен -3500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары  айылы үчүн-2000сом

 

  • Эксковатор ХенгВанг саатына -3000  сом
  • Бетономешалка 1 куб бетон -1000  сом
  • Трактор Фармленд 904:
  • Сеялка 1га -700 сом 10л ГСМ
  • Шакап 1метр-4 сом, 1га -400 сом
  • Пресс акысы-1 пресс 10 сом, 1га үчүн 10л ГСМ

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жана  “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына  милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Кадаң-Майстан муниципалдык ишканасына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№11/3


20-май 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

ЖКХнын 2214- беренесинен 100,0 сом, 2215-беренесинен 36,6 сом,  2222-беренесинен 100,0 сом,   3111- беренесинен 291,5 сом, Бала бакчанын 2222-беренесинен 10,0 сом, жалпы 538,1 сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын:

                                                                   Аппарат

Аталышы

берене

баары

ГСМ

2214

68,9

Чарбалык максаттагы чыгымдар үчүн

2222

36,6

 

баары

105,5

 

 

                                                                        ЖКХ

Аталышы

берене

баары

Кызмат көрсөтүүлөргө

2215

322,6

 

баары

322,6

 

                                                                   Бала бакча

Аталышы

берене

баары

Мүлктү учурдагы ондоого

2221

58,0

Курулмалар

3111

52,0

 

баары

110,0

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө. Ак-Талаа райондук казына бөлүмүнө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагына топурак шагыл кум алуучу карьер ачуу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын



Ак-Чий айылы

Т О К Т О М У

№11/4


20-май 2024-жыл
Кара-Бүргөн айыл аймагына топурак шагыл кум алуучу карьер ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн  айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн  айылындагы Бошке участкасындагы  №1958, №1959  контурдан 0,25 га жерден кум, шагыл алуу үчүн, №2179, №2180 контурдан 0,25га жерден топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берилсин.

 

  1. Кара-Бүргөн  айыл аймагына караштуу Ак-Чий   айылынын жогору жагындагы   №1339 контурдан 0,25 га жерден кум, шагыл алуу үчүн, Балбан-Таш участкасындагы  0,25га жерден топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
Б.Кемелов

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.