2023-04-27 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №14/1                                      09-март  2023-жыл.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө.

 

   “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары  жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  26-декабрындагы №713 токтомуна жана  “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын абоненттеринин,   “Кемеге –Кайырма” СПАсынын мүчөлөрүнүн, ЖПБнин мүчөлөрүнүн чечимдерине    ылайык  Кара-Бүргөн айылындагы     “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсы,   “Кемеге –Кайырма” СПАсы  жана ЖПБи жоюлсун.
  2. “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын,   “Кемеге –Кайырма” СПАсынын жана ЖПБнин  балансындагы мүлктөр Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө өткөрүлүп алынсын.
  3. Калкты ичүүчү таза суу  менен камсыз кылуу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыт пайджаланууну жөнгө салуу  жана таштанды чыгаруу иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекемелер ортосундагы аласа-бересе иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.
  5. Калктын ичүүчү таза суу пайдалануу акысы  1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  6. Жайыт пайдалануу акысы  2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  7. Сугат суу пайдалануу акысы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  8. Таштанды чыгаруу акысы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы                                           Б.Кемелов

 


 Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

 

Тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №14/2                                      09-март  2023-жыл.

 

Кара-Бүргөн айыл аймагында  биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө.

 

          Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгун арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлкеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “ Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу” буйругун негизинде , ошондой эле USAIDдин “ Ийгилиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткаруусунда баа берүү жана көзөмөлдө жургүзүү биргелешкен мониторинг жана баалоо  тобун түзүү максатында: Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

 

1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу ( мындан БМжБ тобу) төмөндө курамда түзүлсүн:

1. Т.К.Жузупбеков-жарандык коомдун өкүлү

2. Р.К.Атабекова- жарандык коомдун өкүлү, аялдар кеңешинин төрайымы

3. Т.Садыков- жарандык коомдун өкүлү, аксакалдар сотунун мүчөсү

4. Б.Б.Мамакеева-жарандык коомдун өкүлү, аялдар кеңешинин мүчөсү

5. Г.Майрыкеева-жарандык коомдун өкүлү, М.Базаркулов атындагы орто мектебинин директору.

6. Н.Т.Бакасова- айыл өкмөттүн кызматкери

7. М.Төрөбек кызы-айыл өкмөттүн кызматкери

8. Б.Кемелов- айылдык кеңештин депутаты

9. В.Кыдырмышова-айылдык кеңештин депутаты

 

2. Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө жобо кабыл алынсын ( тиркеме 1)

3. Жогорудагы түзулгөн БМжБ тобу  жобого ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;

4.Ушул токтомду каттоо жагы ченемдик  укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун облустук юстиция башкармалыгына Кара-Бүргөн айылдык кенештин 2015-жылдын26-мартындагы  №17/7  токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана МККда жарыялансын.

 

 

Кара-Бүргөн айылдык Кеңештин төрагасы                                           Б. Кемелов


 Тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №14/3                                      09-март   2023-жыл.

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайырма каналынын башкы

суу алуучу курулмасын жана  10км узундуктагы каналын

Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

   “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары  жөнүндө” мыйзамынын негизинде  Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кемеге-Кайырма, Көк-Колот, Тай-Сарай  участкаларындагы дыйкандардын 06.03.2023-жылдагы чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
  2. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайырма каналынын башкы суу алуучу курулмасы жана  10(он) км узундуктагы каналы Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы                                                      Б.Кемелов

 


 Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Кара-Бүргөн  айылы.                          №15/1                                       20-апрель  2023-жыл

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата

 бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери  жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,

                     Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз  15- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2023-жылга карата  бюджетинин  ЖКХнын 2214-беренесинен-54,5сом,  2215-беренесинен-165,5сом,  3111-беренесинен-271,5сом,  жалпы-491,5сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын:

                                                          

                                                                        ЖКХ

Аталышы

берене

баары

Чарбалык максаттагы чыгымдар

(гараж үчүн)

2222

10,0

Таза суу үчүн керектелүүчү материал

3111

54,5

 

баары

64,5

                                                                      

  Клуб

Аталышы

берене

баары

Түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн

3111

45,5

 

баары

45,5

 

                                                                        Мектеп

Аталышы

берене

баары

Подвалды спорт зал үчүн ремонттоо

2221

100,0

Чарбалык максаттагы чыгымдарга

2222

100,0

Спорттук шаймандарды сатып алууга (мат)

3112

181,5

 

баары

381,5

 

 

БААРЫ

 

491,5

 

           

Айылдык кеңештин төрагасы                                               Б.И.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №15/2                                       20-апрель  2023-жыл

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө

 кошумча смета ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз  15- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы ирригациялык системаларды күтүү жана ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынан түшкөн акча каражаттарына аппарат бөлүмүнүн атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн 14238900 төлөө тапшырмасы аркылуу түшө турган  935,8 миң сомго смета ачылсын жана төмөндөгүдөй пайдаланылсын:

                                                          

                                                                        аппарат

Аталышы

берене

баары

Ар кандай чыгымдарга

2215

935,8

 

баары

935,8

                                                                 

        2. Смета ачып берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынан  суралсын.

 

        3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.   

           

 

Айылдык кеңештин төрагасы                                               Б.И.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө.  Ак-Талаа райондук казына бөлүмүнө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №15/3                                      20-апрель  2023-жыл.

 

 Кара-Бүргөн айыл аймагында  чакан таза суу (скважиналар)  үчүн муниципалдык менчиктеги  жер аянттарын бөлүп берүү  жөнүндө.

 

   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде

Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз  15-сессиясы  ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагында  чакан таза суу (скважиналар)  үчүн  5 (беш) даана муниципалдык менчиктеги  жер аянттары  бөлүнүп берилсин.
  2. Бөлүнө  турчу жер аянттарын аныктап, тийиштүү документтерин камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы                                                       Б. Кемелов 


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.