КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы. №7/1 18-июль 2022-жыл.
Калктын саламаттыгын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан
иштер туурасында №4 ҮДТнун маалыматы жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
Айылдык кеңештин орун басары Б. Курманбаева
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы. №7/2 18-июль 2022-жыл.
Калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер туурасында «Жеңиш-Саз» ИСКАКБнын жетекчисинин отчету.
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
Айылдык кеңештин орун басары Б. Курманбаева
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы. №7/3 18-июль 2022-жыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында
үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын
тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 24.02.2022-жылдагы
№54 Жарлыгына ылайык Жобону бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
Айылдык кеңештин орун басары Б. Курманбаева
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 18-июль 2022-жылдагы
№7/3 токтому менен бекитилген
Кара-Бүргөн айылында
үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1.Айыл аймагында,үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2.Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөнүн экономикалык шарттарына жараша ашыкча чыгымдарга жол берилбестен жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) бир бодо мал же эки жандыка чейин гана мал союу же таптакыр сойбой коюу шарты менен өткөрүлөт.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы, облустук комиссия жана, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссияайыл өкмөтүнүн башчысынынбуйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барыптүшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагындаүй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Жооптуу катчы М. Төрөбек кызы
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 7- сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы №7/4 18-июль 2022-жыл.
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
бюджетинин 2023-2024-2025-жылдарга карата
жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика иштери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 7- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
.
Салыктардын жана башка төлөмдөрдөн:
Аталышы |
2023 |
2024 |
2025 |
Подоход салыгы |
1235,0 |
1210,0 |
1215,0 |
Патент |
36,0 |
36,0 |
36,0 |
Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык |
1,5 |
1,5 |
1,5 |
Унаа каражаттарына салык |
135,0 |
135,0 |
140,0 |
Огород салыгы |
48,0 |
48,0 |
48,0 |
Айыл чарба багытындагы жерлер |
- |
- |
329,3 |
Айыл чарба багытындагы эмес жерлер |
8,0 |
8,0 |
8,0 |
Калктуу конуштагы жерлердин ижара акысы |
48,0 |
48,0 |
48,0 |
КБФнун жерлеринин ижара акысы |
87,0 |
64,2 |
64,2 |
Мусор чыгаруудан |
14,0 |
14,0 |
14,0 |
Лицензиядан |
294,0 |
294,0 |
294,0 |
Атайын каражаттардан |
310,5 |
310,5 |
310,5 |
Тендештирилген грант |
3700,2 |
3700,2 |
3700,2 |
Жайыт |
385,4 |
385,4 |
385,4 |
Жалпы |
6302,6 |
6254,8 |
6594,1 |
Башкарууга
Аталышы |
статья |
баары |
|
Эмгек акыга |
2111 |
2951,2 |
|
Соц фонд |
2121 |
436,3 |
|
сапар чыгымына |
2211 |
30,0 |
|
Байланыш кызматы |
2212 |
18,0 |
|
ГСМ, запчасть |
2214 |
100,0 |
|
Көмүр |
2224 |
60,0 |
|
|
баары |
3595,5 |
|
Жайыт
Аталышы |
статья |
баары |
70491 Башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер |
22154900 |
256,5 |
|
баары |
256,5 |
ЖКХ
Аталышы |
статья |
баары |
Ар кандай чыгым |
2215 |
128,9 |
|
баары |
128,9 |
Китепкана
Аталышы |
статья |
баары |
Эмгек акыга |
2111 |
519,6 |
Соц фонд |
2121 |
89,6 |
|
баары |
609,2 |
Клуб
Аталышы |
статья |
баары |
Эмгек акыга |
2111 |
720,0 |
Соц фонд |
2121 |
124,2 |
|
баары |
844,2 |
Бала бакча
Аталышы |
статья |
баары |
Интернет кызматы үчүн |
2212 |
18,0 |
Балдардын ысык тамагы үчүн |
2218 |
243,0 |
Ремонт |
2221 |
45,1 |
Көмүр |
2224 |
120,0 |
Сууга |
2231 |
10,0 |
Балдардын ысык тамагы үчүн |
2218 спец |
310,5 |
|
баары |
746,6 |
Мектеп
Аталышы |
статья |
баары |
Суу |
2231 |
25,0 |
|
баары |
25,0 |
Соц коргоо
Аталышы |
статья |
баары |
Соц коргоо |
2721 |
96,7 |
|
баары |
96,7 |
ЖАЛПЫ БААРЫ |
|
6302,6 |
Айылдык кеңештин орун басары Б. Курманбаева
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7- сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы №7/5 18-июль 2022-жыл.
Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджетине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика иштери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
жалпы-248,1сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын:
ЖКХ
Аталышы |
берене |
баары |
Таза суу системасынын шаймандары үчүн |
2222 |
67,6 |
Спорттук аянтчага өздүк салым үчүн |
3112 |
162,0 |
Токой чарбасына бак-дарактар үчүн |
3113 |
18,5 |
|
баары |
248,1 |
БААРЫ |
248,1 |
Айылдык кеңештин орун басары Б. Курманбаева
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө. Ак-Талаа райондук казына бөлүмүнө
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы. №8/1 19-сентябрь 2022-жыл.
Кара-Бүргөн айыл аймагынын жергиликтүү курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
Айылдык кеңештин төрагасы Б. Кемелов
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 19-сентябрь 2022-жылдагы кезексиз №8/1 токтомуна №1 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагыныне жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өркөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ |
А.А.А. |
Кызматы |
Жумушчу топтогу ролу |
1 |
Кемелов Билимбек Ильясович |
Айылдык кеңештин төрагасы |
төрага |
2 |
Төрөбек кызы Марипа |
Айылдык кеңештин катчысы |
катчы |
3 |
Курманбаева Бүбүсайра Кадаңалиевна |
Айылдык кеңештин орун басары |
Мүчөсү |
4 |
Чокморов Жантай Сексенбешович |
Айылдык кеңештин депутаты |
мүчөсү |
5 |
Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна |
Айылдык кеңештин депутаты |
мүчөсү |
6 |
Кожоева Айсулуу Сүйөрбековна |
Айылдык кеңештин депутаты |
мүчөсү |
7 |
Садыков Турсунбек |
Аксакалдар сотунун төрагасы |
мүчөсү |
8 |
Атабекова Рита Куляевна |
Аялдар кеңешинин төрайымы |
мүчөсү |
9 |
Жузупбеков Таалайбек Казыбекович |
Коомдук активист |
Мүчөсү
|
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин19-сентябрь 2022-жылдагы кезексиз №8/1 токтомуна №2 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагыныне жергиликтүү курултайын делегаттарынын саны жана квотасы
№ |
Көчөлөрдүн кварталдардын аталышы |
Калкынын саны |
1 квотага тийиштүү калктын саны |
Берилүүчү квотанын саны |
Гендердик баланс 30% (аял) |
1 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 1 |
205 |
65,65 |
3 |
2 эркек 1 аял |
2 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 2 |
235 |
65,65 |
3 |
2 эркек 1 аял |
3 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 1 |
218 |
65,65 |
3 |
2 эркек 1 аял |
4 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 2 |
247 |
65,65 |
4 |
3 эркек 1 аял |
5 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 1 |
122 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
6 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 2 |
297 |
65,65 |
5 |
3 эркек 2 аял |
7 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 3 |
268 |
65,65 |
4 |
3 эркек 1 аял |
8 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 1 |
128 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
9 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 2 |
157 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
10 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 1 |
213 |
65,65 |
3 |
2 эркек 1 аял |
11 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 2 |
188 |
65,65 |
3 |
2 эркек 1 аял |
12 |
Тынчтык көчөсү |
108 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
13 |
Акунова Эрмек атындагы көчөсү |
135 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
14 |
Төш-Булак көчөсү |
105 |
65,65 |
2 |
1 эркек 1 аял |
|
БААРЫ |
2626 |
65,65 |
40 |
25 эркек 15 аял |
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 9-сентябрь 2022-жылдагы кезексиз №8/1 токтомуна №3 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагында 2022-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейин жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү ГРАФИГИ
№ |
Көчөлөрдүн аталышы |
Чогулуш өтүүчү жер |
убактысы |
Уюштуруучулар |
1 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 1 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 1 |
15-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
2 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 2 |
Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү 2 |
15-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
3 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 1 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 1 |
16-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
4 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 2 |
Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү 2 |
16-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
5 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 1 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 1 |
17-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
6 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 2 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 2 |
17-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
7 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 3 |
Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү 3 |
18-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
8 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 1 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 1 |
18-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
9 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 2 |
Калчабаев Тутун атындагы көчөсү 2 |
19-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
10 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 1 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 1 |
19-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
11 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 2 |
Топчубеков Токтосун атындагы көчөсү 2 |
19-октябрь 2022-жыл саат 16-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
12 |
Тынчтык көчөсү |
Тынчтык көчөсү |
20-октябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
13 |
Акунова Эрмек атындагы көчөсү |
Акунова Эрмек атындагы көчөсү |
20-октябрь 2022-жыл саат 14-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
14 |
Төш-Булак көчөсү |
Төш-Булак көчөсү |
20-октябрь 2022-жыл саат 16-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 19-сентябрь 2022-жылдагы кезексиз №8/1 токтомуна №4 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
№ |
Айыл аймак |
Чогулуш өтүүчү жер |
убактысы |
Уюштуруучулар |
1 |
Кара-Бүргөн |
Кара-Бүргөн айыл өкмсөтүнүн кеңсеси |
05-ноябрь 2022-жыл саат 10-00 |
Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын
ТОКТОМУ
Кара-Бүргөн айылы. №8/2 19-сентябрь 2022-жыл.
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын
каттоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине таянып
Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
Айылдык кеңештин төрагасы Б. Кемелов
Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө.
Кара-Бүргөн АКИАнын Конференциясында «27» июль 2022ж. № 1 протоколу менен
БЕКИТИЛДИ
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык
кеңешинен эсептик каттоодон өттү
« 19 » сентябрь 2022-жыл каттоо №18
Нарын областынын
Ак-Талаа районунун
Кара-Бүргөн айылдык аймагынын
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын
19-сентябрь 2022-жыл
I. Жалпы жоболор
- мамлекеттик тилде: Нарын областынын, Ак-Талаа районунун, Кара-Бүргөн айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
- расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сельских сообществ» Кара-Бургонского айылного аймака Ак-Талинского района Нарынской области.
- мамлекеттик тилде: Кара-Бүргөн айылдык аймагынын АКИА;
- расмий тилде: ИАСС Кара-Бургонского айылного аймака.
II. АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери
- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттарды/инвестицияларды тартуу;
- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
- курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
- калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
- жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
III. АКИАнын укуктары жана жоопкерчилиги
IV. АКИАнын башкаруу органдары
- Жогорку орган – делегаттардын Конференциясы;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Текшерүүчү орган - текшерүү комиссиясы.
V. АКИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары
VI. АКИАнын Конференциясы
VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары
- АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- АКИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. АКИАнын аткаруу комитети.
- АКИАнын Конференцияларын уюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүүгө көмөктөшүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды уюштурууга, өткөзүүгө көмөктөшүү;
- Конференциянын чечимдерин ишке ашыруу.
- АКИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
- Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
- АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
IX. Текшерүү комиссиясы
Х. АКИАны жоюу жана реорганизациялоо
Кара-Бүргөн айыл аймагынын АКИАнын аткаруу комитетинин төрайымы _______________ В. Ж. Кыдырмышова