2021-05-28 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №33/1                                        11-май  2021-жыл.

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

 Союзу менен кызматташууну күчөтүү  жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309  Жарлыгына жана  “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө” мыйзамынын  13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелингендигинин  негизинде 

Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзсүн.
  2. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
  3. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын3,7,пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
  4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык кеңештин орун басары                                        Т.Жузупбеков

 

____________________________________________________________________________   Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө,                                                                                        

             Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн  айылы.                          №33/2                                        11-май  2021-жыл.

 

«Жамал апа» балдар бакчасынын ата-энелерден алынуучу

төлөм каражаты жөнүндө

 

 

 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде 

Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кара-Бүргөн айылындагы “Жамал апа” балдар бакчасынын ата-энелеринин төлөм акысы бир бала үчүн 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

 

 

Айылдык кеңештин орун басары                                                 Т.Жузупбеков

 

____________________________________________________________________________   Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, “Жамал апа” балдар бакчасына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн айылы                                        33/3                                 11-май 2021-жыл.

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы

 бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика иштери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 33- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2021-жылга карата  бюджетинин аппараттын 3111-беренсинен-60,0 сом алынып, жалпы-60,0сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын:

 

 

                                               Аппарат

Аталышы

берене

баары

Эмерек алууга

3112

60,0

 

баары

60,0

 

 

 

Айылдык кеңештин орун басары                                                      Т.Жузупбеков

 

 

_____________________________________________________________________________

Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө.

                      Ак-Талаа райондук казына бөлүмүнө

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн айылы                        № 1/1                                         18-май  2021-жыл                        

Депутаттардын  Кара-Бүргөн айылдык

Кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүүгө

карата эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

  1. Депутаттардын  Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүүгө карата эсептөө комиссиясынын курамы  3 адамдан түзүлсүн.

 

  1. Эсептөө комиссиясынын курамы бекитилсин.

 

  1. Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун натыйжаларын аныктоо эсептөө комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

            Депутаттардын жашы боюнча

            улуусу сессияны алып баруучу                                         Б.Курманбаева

 

_____________________________________________________________________________

Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн айылы                        № 1/2                                            18-май  2021-жыл         

           

Депутаттардын  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин

төрагасын шайлоого карата түзүлгөн

эсептөө комиссиясынын токтомун бекитүү жөнүндө

 

 

            1.Депутаттардын  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасын  шайлоого карата түзүлгөн эсептөө комиссиясынын токтому бекитилип, Кемелов Билимбек Ильясович төрага болдуп шайлангандыгы белгиленсин.

 

 

 

                        Депутаттардын жашы боюнча  улуусу

                        сессияны алып баруучу                                                      Б.Курманбаева

 

_____________________________________________________________________________

 

Жиберилди: протоколго

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

  Кара-Бүргөн айылы                        № 1/3                                                       18-май  2021

 

 

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин орун басарын шайлоо жөнүндө.

 

  1. Курманбаева Бүбүсайра Кадаӊалиевна  Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин катышкан депутаттарынын бардыгынын добушу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  орун басары болуп шайлангандыгы белгиленсин.

 

 

                                  

Айылдык кеңештин төрагасы                               Б.И Кемелов

 

_____________________________________________________________________________

Жиберилди: протоколго.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргөн айылы                        № 1/4                                               18-май  2021-жыл      

 

Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жɵнүндɵ

 

  1. 1.      Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй  3(үч) багытта туруктуу комиссиялары түзүлсүн.

  --- Саламаттыкты сактоо ,маданият, билим берүү, соода, социалдык маселелер, энелерди жана балдарды коргоо маселелери боюнча.

  --- Мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, адамукугу, жаратылышты коргоо, жаштар иши маселелери боюнча.

  --- Бюджет, салык,транспорт жана байланыш, курулуш иштери жана жер реформасы маселелери боюнча.

 

2. Саламаттыкты сактоо ,маданият, билим берүү, соода, социалдык маселелер, энелерди жана балдарды коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрайымы

Кожоева Айсулуу Сүйөрбековна

Комиссиянын катчысы

Иметайып уулу Эрлан

Комиссиянын мүчөсү

Чокморов Жантай Сексенбешович

 

            3. Мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, адам укугу, жаратылышты коргоо, жаштар иши маселелери боюнча туруктуукомиссиясы 3 (үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрайымы

Мыктыбеков Эрзат Замирбекович

Комиссиянын катчысы

Русланов Кудайберген  Русланович

Комиссиянын мүчөсү

Кыдырмышова Венера Жекалиевна

 

 

 

 

 

            4.Бюджет, салык,транспорт жана байланыш, курулуш иштери жана жер реформасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы

Дүйшөналы уулу Акыл

Комиссиянын катчысы

Руслан уулу Долон

Комиссиянын мүчөсү

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

 

             Айылдык кеңештин төрагасы                                              Б.И.Кемелов.

_____________________________________________________________________________

Жиберилди: протоколго, туруктуу комиссияга.