2020-03-03 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«10 » февраль 2020-жыл                        № 51/76                             Конорчок айылы.

 

 

               «Конорчок» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин пайдаланылбаган жайыт жерлери жѳнүндѳ

 

 

      Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» мыйзамына жана Конорчок ЖПБнын уставынын негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Конорчок айылынын ЖПБсына караштуу «Арпа», «Ак-Сай», «Тогуз-Булак», «Беш-Абышка» жайлоолору жана жолу татаал,аска зоо болуп убактылуу пайдаланылбаган жалпы 12144(он эки мин бир жүз кырк тѳрт)га жайыт жер,жер салыгынан бошотулсун.
  2. Бул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

 

 

  Тѳрага:                                                                         Байыш у Улук 


 

Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

ТОКТОМУ № 51/75

 

«10»  февраль  2020-жыл                                    Коңорчок айылы

  

             Конорчок айыл аймагында АИД -3 долбооруна жазылган ири жана чакан долбоорлорунун дизайнын карап чыгып депутаттардын Конорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Биринчи маселе боюнча Конорчок айыл аймагында АИД-3 долбооруна жазылган «Конорчок айылына эмеректери жана балдар ойноочу аянтчасы менен  50 орундуу бала бакчанын имаратын куруу боюнча жазылган ири долбоордун дизайны жактырылсын.
  2. Экинчи маселе боюнча Коорчок  айыл аймагында  АИД-3  долбооруна жазылган «Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебине инвентарь сатып алуу” боюнча жазылган чакан долбоордун дизайны жактырылсын.
  3. Долбоорлорду  сапаттуу жазып, өз мөөнөтүнөн кечтирбей облусттук комиссияга сунуштоо жагы  Конорчок айыл айылынын демилгелүү топтун торагасы А. Кожоевге тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Конорчок  айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы   А. Акиевге жүктөлсүн.

 

 Төрага:                                           Байыш уулу Улук

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

 «02 » февраль 2020-жыл                                № 51/74                          Конорчок айылы.

 

          Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясына Конорчок айыл аймагынын участкалык шайлоо  комиссиясынын резервдик курамын түзүү жѳнүндѳ.

          1.Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү   боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳгү» Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктѳрүнѳн,коомдук уюмдардан, жарандардын жашаган жана иштеген жерлериндеги шайлоочулардын чогулуштарынан кѳрсѳтүлгѳн тизмедеги талапкерлер Конорчок айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилсин.

 1.Жээнбаева Айнура Курманбаевна  Жээнтай  кѳчѳсүнѳн

2. Апасова Аида Осмонкожоевна -Т.Жыргалбеков кѳчѳсүнѳн

3  Сулайманкулова Азима  –Сейдакмат кѳчѳсүнѳн

4.  Таштанбеков Темирбек Жээнтай кѳчѳсүнѳн

5. Карыбосов Келдибек Жокенович-Жээнтай кѳчѳсүнѳн

6  Мамбетакунов Таалайбек Каракеевич-Т.Кененсариев кѳчѳсүнѳн

7.Маметкадырова Гулжамал -Сейдакмат  кѳчѳсүнѳн

8. Турарбек к Бурулсун -Т.Жыргалбеков  кѳчѳсүнѳн

9. Бекжанов Корчубек Нуржанович -Жээнтай кѳчѳсүнѳн

10 Мырзабекова Махабат Салмоорбековна Т.Жыргалбеков кѳчѳсүнѳн

11.Агыбаева Гуланда -Т.Жыргалбеков кѳчѳсүнѳн

12. Минбаева Нургул-Жээнтай  кѳчѳсүнѳн

13. Маметѳмүр у Нурлан-Т.Жыргалбеков кѳчѳсүнѳн

14.Макешова Толкун Карабаевна-Сейдакмат кѳчѳсүнѳн

15.Курманалиева Арзыгүл Нурсеитовна-Жээнтай кѳчѳсүнѳн

16.Алжанов Орозбек Анарбаевич-Сейдакмат кѳчѳсүнѳн

 

         2. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн талапкерлердин резервинин эсебинен Конорчок айыл аймагынын участкалык комиссиясынын курамын тузуу жагы Ак- талаа райондук аймактык шайлоо камиссиясына сунуш кылынсын.

  Тѳрага:           Байыш у Улук

 Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«27» январь 2020-жыл             № 50/73          Конорчок айылы.

 

   Жаштар жана жаштар уюмдары менен  иштѳѳ планы жѳнүндѳ

  

   Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы №471 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн «2017-2020-жылдарга жаштар саясатын ѳнүктүрүү» программасын ишке ашыруу максатында, Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары үчүн жаштар жана жаштар уюмдары менен иштѳѳ планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн башчысына тапшырылсын.

  

Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук

Жиберилди : иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«27» январь 2020-жыл                                    Коңорчок айылы

  

2019-2022-жылдарга чейинки комплекстүү ѳнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү жѳнүндѳ

 

Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат :

 

  1. Конорчок айыл аймагынын 2020-2023 -жылдарга чейинки комплекстүү ѳнүгүүнүн стратегиялык  планы ѳзгѳтүү жана толуктоосу менен бекитилсин.
  2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндѳн баштап юридиалык күчкѳ ээ болот.
  3.  Бекитилген Конорчок айыл аймагынын 2020-2023 -жылдарга чейинки комплекстүү ѳнүгүүнүн стратегиялык  планын сапаттуу ишке ашыруу жагы Коңорчок айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Акиевге тапшырылсын.
  4.  Бул токтомдун аткарылышы кѳзѳмѳл кылуу жагы Коңорчок айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин бюджет, экономика боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.

_______________________________________________________________________

Жиберилди:иш кагазына, АРИСке

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

20-январь.2020-ж                            Коңорчок айылы

 

       Коңорчок айыл аймагынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин  бекитүү жана 2021-2022- жылдарга  жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү  жөнүндө.

 

            Коңорчок айыл аймагынын  2020-жылга жергиликтүү бюджетин  бекитүү жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоору жөнүндө айыл аймагынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г Молдобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Коңорчок айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бɵлүгү 4745,9 миң.сом жана чыгаша бɵлүгү 4745,9 миң.сом өлчөмдө бекитилсин.
  2. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунун киреше бɵлүгү 4771,1 миң.сом жана  чыгаша бɵлүгү 4771,1 миң.сом өлчөмдө бекитилсин.
  3. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунун киреше бɵлүгү 4790,5 миң.сом жана  чыгаша бɵлүгү 4790,5 миң.сом өлчөмдө бекитилсин.

Киреше бөлүгү боюнча

Кирешелердин түрү

План ( миң сом)

Киреше салыгы

546,0

Тендештирилген грант

3431,9

Патент салыгы

43,2

Кыймылсыз мүлк салыгы

2,0

Транспорт салыгы

112,0

Огород салыгы

30,0

Жер салыгы

65,5

АЧБ эмес жерлер

8,2

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн

50,0

Жайыт ижарасы үчүн акы

270,1

КБФнун арендасынан

32,0

Муниципиалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын курулмалардын ижара акысы

3,0

Таштанды салыгы

8,0

Мектепке чейинки мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

144,0

Жалпы:

4745,9

Чыгаша болугу:

 

               Чыгашалардын туру

Сумма (мин.сом)

 

70111-:

 

2111

2432,0

2121

358,7

2212

5,3

2215

14,5

2222

7,5

2224

37,5

2231

28,0

2824

43,3

Жалпы:

2926,8

           70491

 

            2215

180,1

Жалпы

180,1

 

          70629

 

            2214

7,0

2215

5,0

             2222

100,0

2231

7,2

Жалпы:

119,2

70821

 

2111

144,0

2121

24,8

2221

3,0

2222

2,0

2224

12,5

3112

6,3

Жалпы:

192,6

70823-:

 

2111

168,0

2121

29,0

2224

12,5

2231

2,9

Жалпы:

212,4

70911-:

 

2218

136,8

2224

37,5

2231

14,0

3112

45,8

атайын каражат

144,0

Жалпы:

378,1

70921-:

 

2221

25,7

2222

20,0

            2231

584,5

            3112

61,5

Жалпы:

691,7

              71093-:

 

              2721

45,0

Жалпы:

45,0

Жалпы баары                                                                                             4745,9

4.    Быйылкы жыл үчүн жергиликтүү бюджетти бекитүүдɵ корголгон статьялардан сырткары   106,6миң.сом  акча каражаты эле калгандыктан, дагы керектүү кɵп муктаждыктарга жетпегендиктен 800,0миң,сом акча каражаты каржы министрлигинен суралсын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «финансы жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:   Байыш у Улук.              


Жиберилди:иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«10» январь 2020-жыл                                                         Коңорчок айылы

 Коңорчок айыл ѳкмѳтүнѳ  айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ  келишимди бекитүү жѳнүндѳ

         Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү  ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын  20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү  ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ,Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап,Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

        1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Коңорчок айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишим №1тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын  1-январынан тартып күчүнѳ кирсин.

        2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Коңорчок айыл аймагында аткаруу милдетине айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Калыкова Клара Абдышариповнага бекитилсин.

        3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу жагы Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Акиевге милдеттендирилсин.

        4.  Бул токтом расмий сайтка жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук


Жиберилди : иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 24 » декабрь 2019-жыл                                                                                 Коңорчок айылы

 

2019-жылдын 24-декабрында  жергиликтүү бюджетке келип түшкɵн акча каражатын  кароо жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г. Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Аппараттын 2211- статьясына -20,0миң.сом, 2214-статьясына-60,0 миң.сом, ЖКХнын 2215-статьясына -70,0миң.сом, 3112-статьясына-300,0 миң.сом, жана Мектептин 2231- статьясына-150,0миң.сом жалпы 600,0миң.сом акача каражаты тɵмɵндɵгү статьяларга жумшалсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.   

 

Төрага:                                             Байыш у Улук.


 Жиберилди: иш кагазына.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«18» декабрь 2019-жыл                                                                                 Коңорчок айылы

 2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке келип түшкɵн акча  каражатын  кароо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”   мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г. Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1.  ЖКХнын-2215 статьясына-16,5 мин сом, 2222-статьясына -15,0 мин сом, Аппараттын-2211 статьяга-67,5мин сом, 2214-статьясына-41,0мин сом, 2215-статьясына- 48,0 мин сом, клубдун 2211-статьясына -1,1 мин сом, китепканага 2211-статьяга-0,5 мин сом, бала бакчанын 2211-статьясына-10,4 мин.сом, жалпы 200,0 мин сом акча каражаты томондогу статьяларга жумшалсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.   

  

 Төрага:                                             Байыш у Улук.


 Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 18 » декабрь 2019-жыл                                  Коңорчок айылы

 2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен   жыл ичинде үнɵмдɵлгɵн акча  каражатын  статьядан башка статьяга жылдыруу жөнүндө.

                  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө”

       “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”  

  мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г. Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  

  1. Аппараттын 2224-статьядан 18,1 миң.сомду, китепканадан 2224-статьядан 6,0 мин.сомду, бала бакчадагы 2224-статьядан 18,1 мин.сомду, клубдагы 2224-статьядан 6,0 мин.сомду жана мектептин 2215-статьясынан -34,5 мин сомду, 2231-статьясынан-10,2 мин сомду  жалпы 92,9 мин сомду; Аппараттын 2211-статьясына-46,7 сом, 2111-статьяга-34,7 мин сом, 2121-статьяга-6,5мин сом, клубдун 2211-статьясына-1,5 сом,  китепкананын 2111-статьясына -3,0 мин сом, 2121- статьяга -0,5 мин сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.   

 

 Төрага:                                             Байыш у Улук.


Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«13 » декабрь 2019-жыл                                           Коңорчок айылы

Конорчок айыл ѳкмѳтүндѳгү дыйкан чарба жана үлүшкѳ бѳлүнгѳндѳн кийин ортодо калган «Уу Жабыр» жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлардын ордун мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ.

 Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Конорчок айылдык кенешинин тѳрагасы Байыш у Улук кыскача билдирүү жасады.

  «Уу Жабыр»жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлар ортого калтырылганын баарыбыз эле билебиз. Азыр элдин мал жаны кѳбѳйүп,сарай курууга кызыккандар кѳп болуп калды,тиешелүү документтин жоктугунан улам, сарай сала албай жатышат. Эми бул сарайлардын орундарын мыйзамдаштыруу боюнча райондук мамлекеттик органдар менен иш алып барышыбыз керек.

 Мамбетазимов Максат-Конорчок айылдык кенешинин депутаты.

          Бул эки сарайдын орду боюнча эч кандай талаш маселеси  жок экендигин баарыбыз билебиз. Элдин суроо талаптары кѳбѳйүп жаткандыктан,тиешелүү документтерин алуу боюнча иш аракеттерди кѳрсѳк.Эгер сарай курулуп калса жаз,күз мезгилинде  айыл тургундарынын мал кароого жакшы мүмкүнчүлүктѳр түзүлмѳк.

             Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн жалпы элдик жыйынынын 2019-жылдын 21-ноябрындагы  № 7 токтомунун ,жер комиссиясынын 2019-жылдын 12-декабрындагы  № 1 протоколунун  негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 1. Коңорчок айылынын тургундарынын сарай курууга суроо талаптарын орундатуу максатында,Коңорчок айыл ѳкмѳтүндѳгү  ортого калтырылган,каттоого алынбай калган «Уу Жабыр»жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлардын  орду муниципалдык менчикке каттоого алынсын.

2.    Бул токтомду  эки айлык мѳѳнѳт менен аткаруу жагы Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге тапшырылсын.

 

Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук


Жиберилди : иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 29 » ноябрь 2019-жыл                                      Коңорчок айылы

 Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ.

                        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө”

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Коңорчок жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкɵн акчасын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен жайыт комитетинин бюджетине толугу менен которулуп берилсин.
  2. Коңорчок айыл ɵкмɵтүнүн 70629 разделиндеги  2222-статьясынан 63,1 миң. сомду, 70429-разделинин 2215- статьясына 63,1 миң.сом жылдырылсын.
  3. Жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук которуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаевага милдеттендирилсин.

Төрага:                                             Байыш у Улук.


Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 29 » ноябрь 2019-жыл                             Коңорчок айылы

 

                                         “Үчүнчү Айылды Инвестициялоо долбооруна”  конкурска катышуу жѳнүндѳ

 Конорчок айыл аймагында фокс топтор элдик жыйындарда тандалып чыккан кѳйгѳйлѳр аныкталып жана Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

  1.  Конорчок айыл аймагында «АИД-3» долбооруна айылга бала бакча куруу ири долбоору аныкталгандыгы белгиленсин.
  2. Конорчок айыл аймагында «АИД-3» долбооруна Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебине инвентарь  алуу чакан долбооруна аныкталгандыгы белгиленсин
  3. «АИД-3» долбооруна ылайык фокс топтордун элдик жыйындарда аныкталып, тандалып чыккан долбоорлор облусттук конкурска катышуу үчүн комиссияга сунушталсын.
  4. Бул токтомду аткаруу жагы  Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Конорчок айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын тѳрайымы Г.Молдобаевага тапшырылсын.

 

Тѳрага:       Байыш уулу Улук


Жиберилди : иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«10 » сентябрь 2019-жыл                                                                                 Коңорчок айылы

 

      Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин, суу чарба курулуштар дирекциясынын  курулушту техникалык жактан көзөмөлдөөчү башкы адиси Кенеев Алмазбек Акиевичти сыйлыкка кѳрсѳтүү жөнүндө

 

Угулду:Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы Байыш у Улук билдирүү жасап тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи:

 

            Кенеев Алмазбек Акиевич өзүнүн эмгек жолун 1980-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктагандан кийин Кызыл-Аскер ПМКсында мастер болуп иштөөдөн баштаган.Андан соӊ прораб,участканын начальниги болуп иштеп,такшалган.

            1983-1987-жж. Ысык-Көл трестине караштуу Ананьево ПМКсында башкы инженер,Нарын трестинин Ак-Талаа ПМКсынын начальниги болуп ѳдүрүш жолун уланткан.

            1987-1990-жж. Ала-Арча ПМКсында №1 участканын начальниги болуп иштөө менен Ак-Талаа районунун Ленин атындагы колхоздун аймагындагы 3500 га суу баскан Ала-Бука насостук станциясын курууда жигердүү эмгектенген.

            1990-жылы СССРдин суу чарба министрлигине караштуу «Главзарубежводстрой» дун  келишими менен,Ирак Республикасында Багдаддан Персид булуӊуна чейин,Тигр-Евфрат дарыя аралындагы коллектордук дренаждык тармактын ортоӊку бөлүгүнүн курулушунда иштеген.

            Кенеев Алмазбек Акиевич 1991-2002-жж. Главкиргизводстройго караштуу «Чуйводстрой» трестинин башкы инженери, «Чүй-булак» ОсООсунун генералдык директорунун орун басары болуп иштейт.

            Ал эми 2001-2009 жж. Нарын,Чүй областары боюнча суу чарба курулуштарын калыбына келтирүү жана долборлоо бөлүмүндө техникалык жактан көзөмөлдөө инженери болуп иштеген.Долбоордун ийгиликтүү аяктагандыгына байланыштуу, ага кошкон салымы үчүн айыл жана суу чарба министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болгон.

            2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Суу чарба курулуштарынын дирекциясынын техникалык жактан көзөмөлдөөчү башкы адиси болуп үзүрлүү эмгектенип жатат.

            Ошондой эле, азыркы учурда Кыргыз Республикасында 2011-2015-жж. жаӊы сугат жерлерди өздөштүрүүдө суу чарба объектилерин куруунун мамлекеттик программасынын алкагында аяктап жаткан алыскы Коӊорчок айыл аймагындагы,Ак-Сай суусунун нугунда курулуш иштерин аягына чыгуу менен ,башкы курама,суу тундурмасы,1,2 км – бетон канал, 11,5 км – таш менен аралашкан бетон канал, 385 м – дюкер, БСР – 97 миӊ м3 ийгиликтүү аяктап, үстүбүздөгү  2019-жылда 600 га – суу баскан жаӊы жер, 200 га – суу менен толук камсыз кылынган мурдагы суу баскан аянт жерлерди пайдаланууга берүүнүн үстүндөгү кызматынын натыйжасы.

            Кенеев Алмазбек Акиевич өзүнүн ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, жогорку квалификациялуу, тажырыйбалуу  инженер.Суу чарба курулушунун жүрүшүндө келип чыккан проблемаларды жогорку адистик деӊгээлде чече алган,көптөгөн жаш куруучулардан адистик кеӊештерин аябаган,иштин көзүн билген адис катары Коӊорчок айылынын фермер-дыйкандарынын атынан Кенеев Алмазбек Акиевичти «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген куруучу » наамына сунуш кылалы.

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Коӊорчок айылдык Кеӊешинин сессиясы токтом кылат:

 1. Кенеев Алмазбек Акиевичти «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген куруучу »  наамына сунушталсын.

  2. Бул токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү органдардан суралсын.

  Төрага:                                                                   Байыш уулу Улук.

Жиберилди : иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

 08 - август 2019-ж.                                                                                         Коңорчок айылы.

  

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу »

 

Жергиликтүү  ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым

укуктарды  натыйжалуу пайдаланууну жүзѳгѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге  берилүүчү  трансферттердин кѳлѳмүн  эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги жѳнүндѳ Жобонун » негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

        1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн Типтүү келишими  бекитилсин.

        2.    Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен соц.адистигине берилген финансылык,материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.

  Төрага:                                                                   Байыш уулу Улук.

Жиберилди : иш кагазына,соц адиске.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

«16 »  июль 2019-жыл                                    Коңорчок айылы

 

 Коңорчок айылдык Кеңешинин  жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга күтүлүүчү сумманын аткарылышы жана 2020-2021-2022жылдарга

киреше  бөлүгүнүн долбоору жөнүндө.            

 

 Коңорчок айылдык Кеңешинин  жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга күтүлүүчү сумманын аткарылышы жана 2020-2021-2022жылдарга киреше  бөлүгүнүн долбоору  жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  Г.Молдобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Коңорчок айылдык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

 

1.  Коңорчок айылдык Кеңешинин  жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга күтүлүүчү сумманын аткарылышы жана 2020-2021-2022 жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоору  жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Молдобаеванын билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.

2.   2019-жылга күтүлүүчү сумманын аткарылышы жана 2020-2021-2022жылдарга 

            киреше  бөлүгүнүн долбоорутөмөндөгүдөй суммада бекитилсин.

            Кирешелердин түрү

2019-жылга күтүлүүчү сумма

2020-жылга

долбоор

2021-жылга

долбоор

2022жылга

долбоор

патент салыгы

32,4

34,2

34,2

34,2

киреше салыгы

406,8

494,0

581,2

581,2

атайын каражат

126,0

144,0

144,0

162,0

транспорт салыгы

93,5

93,5

97,0

97,0

огород салыгы

30,0

30,0

30,0

30,0

жер салыгы

65,5

65,5

65,5

65,5

АЧБ эмес жерлер

2,5

2,5

2,5

2,5

кыймылсыз  мүлк салыгы

1,9

1,9

1,9

1,9

КБфнун арендасы

32,0

32,0

32,0

33,0

лицензияны кармоо үчүн

51,0

-

-

 

жайыт ижарасы үчүн

270,1

270,1

270,1

270,1

муниципиалдык менчиктин ижарасы

3,0

3,0

3,0

3,0

таштанды салыгы

8,0

8,0

10,0

10,0

Жалпы:

1122,7

1178,7

1272,4

1290,4

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 Төрага:                                                                               Байыш у Улук.


Жиберилди: иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 01 »  июль 2019-жыл                                                    Коңорчок айылы

  

                       2019-жыл ичинде Коңорчок айыл ɵкмɵтүндɵгү Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин каалга терезелерин алмаштыруу проектиси үлүштүк дем берүүчү грантка ɵткɵндүктɵн 70921- разделиндеги 2215-статьясында  каралган ɵздүк салымды  3111 – статьясына жылдыруу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г. Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. 70921- разделинин 2215-статьясындагы 445,0 миң.сомду жана 2231-статьясындагы 59,0 миң. сомду ушул эле разделдин 3111-статьясына  жылдырылып берилсин.  
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.   

 

 Төрага:                                             Байыш у Улук.


Жиберилди: иш кагазына.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 19 »  январь  2019-жыл                     Коңорчок айылы

 

  Коңорчок айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январга бюджеттен жана атайын каражаттан калган калдык бюджетин  бекитүү жөнүндө.

 

           Коңорчок айылынын 2019-жылга калган калдык бюджети жөнүндө айыл аймагынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г Молдобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Коңорчок айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

 

  1. 2019-жылдын 1-январга калган калдык бюджеттен 0,9 миң.сом жана атайын каражаттан 60,7 миң.сом  жалпысы 61,6 миң.сом, аппарат жана бала бакчанын  чыгаша бɵлүгүнүн тɵмɵндɵгү статьяларына  бекитилсин.

70111:  2222-0,9

Баары:          -0,9миң.сом

70911:  2218-10,7

             2221-20,0

             2222-30,0

Баары:           60,7миң.сом

Жалпы:         61,6 миң.сом.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «финансы жана бюджет»  боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.


Жиберилди:иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 17 »  январь  2019-жыл                                          Коңорчок айылы

 

Конорчок айылынын башкы планын бекитүү жѳнүндѳ

 

Коңорчок айыл ѳкмѳтү менен НТЦ “Технопарк”ортосундагы иштелип чыккан келишимдин негизинде  жана Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Конорчок айылдык Кенеши токтом кылат:

 

  1. КГУСТАга караштуу “Технопарк” Техникалык Илим Борбору тарабынан иштелип чыккан Конорчок айылынын башкы планына кошумча кеңейтүү боюнча такталып чийилген айылдын чек арасы бекитилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Коңорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге жүктѳлсүн.

  

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.


Жиберилди:иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

17-январь 2019-жыл                                                                               Коңорчок айылы.

 

             Конорчок айыл аймагында АИД -3 долбооруна жазылган ири жана чакан долбоорлорунун дизайнын карап чыгып 

Депутаттардын Конорчок айылдык Кенеши

токтом кылат:

  

  1. Биринчи маселе боюнча Конорочок айыл аймагында АИД-3 долбооруна  «Конорчок айылына 50 орундуу жаны бала бакчаны керектүү жабдуулары жана оюн аянтчасы менен куруу» боюнча жазылган ири долбоордун дизайны жактырылсын.
  2. Экинчи маселе боюнча Конорчок  айыл аймагында  АИД-3  долбооруна  «Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине инвентарь алуу” боюнча жазылган чакан долбоордун дизайны жактырылсын.
  3. Долбоорду сапаттуу жазып облусттук конкурстук комиссияга сунуштоо жагы Конорчок айыл аймагынын демилгелүү тобунун  тѳрагасы А. Кожоевге тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Конорчок  айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы   А. Акиевге жүктѳлсүн.

  

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.


Жиберилди:иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

17-январь 2019-жыл                                                                      Коңорчок айылы.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” жана “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жɵнүндɵ.

   Каралган маселе боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бɵлүмү менен Коңорчок айыл ɵкмɵтүнүн типтүү келишими бекитилсин.
  2.  Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйыгарым укуктарды берүү менен жетектɵɵчү адис-статистигине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен  карап берүү жагы суралсын.

 Тɵрага:                                                                         Байыш у Улук.


Жиберилди:протоколго, айыл ɵкмɵтүнɵ, райондук мамстат бɵлүмүнɵ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 16 »  январь  2019-жыл                                              Коңорчок айылы

 

                   Коңорчок айыл аймагындагы айыл чарба жер салыктын базалык ставкасын жогорулатуу жѳнүндѳ

  

      Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-бѳлүмүнүн негизинде,салык боюнча Э.Маметтоктоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Конорчок айылдык Кенеши токтом кылат:

 

  1. Айыл чарба багытындагы жер салыгы кара суу менен сугарылган жери үчүн салык ставкасы 1га үчүн 159 сом болуп бекитилсин.(205х75%=153х1,034=159)
  2. Айыл чарба жер салыгын насос менен сугарылган жери үчүн салык ставкасы 1 га үчүн 38 сом болуп бекитилсин.(18,50х2=37х1,034=38,25)
  3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Акиевге тапшырылсын

Тѳрага:                                                                 Байыш у Улук.


Жиберилди:иш кагазын

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 16 »  январь  2019-жыл                                                                                 Коңорчок айылы

 

                      2019-2022жылдарга чейинки комплекстүү ѳнүгүүнүн стратегиялык   программасын бекитүү жѳнүндѳ

 Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат :

 

  1. 2019-2022 жылдарга чейинки комплекстүү ѳнүгүүнүн стратегиялык  программасы ѳзгѳтүү жана толуктоосу менен бекитилсин.
  2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндѳн баштап  юридиалык күчкѳ ээ болот.
  3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Коңорчок айыл аймагынын бюджет, экономика боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.


Жиберилди:иш кагазына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

28-декабрь 2018-ж.                                                  Коңорчок айылы.

                                         Коңорчок айыл аймагынын 2019-жылга жергиликтүү  бюджетин  бекитүү жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын бюджеттик  кодексинин 102 беренеси,Коңорчок айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга  карата долбоору боюнча  финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г Молдобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Коңорчок айылдык кеңешинин сессиясы токтомкылат:

 

  1. 2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бɵлүгү 4893,6 миң.сом жана чыгаша бɵлүгү 4893,6 миң.сом өлчөмдө бекитилсин.                                            

 

Киреше бөлүгү боюнча                                            

 

Кирешелердин түрү

План ( миң сом)

Киреше салыгы

490,0

Теңдештирилген грант

3757,4

Патент салыгы

55,6

Кыймылсыз мүлк салыгы

2,0

Транспорт салыгы

97,9

Огород салыгы

30,0

Жер салыгы

45,6

АЧБ эмес жерлер

8,2

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн

50,0

Жайыт ижарасы үчүн акы

189,4

КБФнун арендасынан

32,0

Муниципиалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын курулмалардын ижара акысы

3,0

Таштанды салыгы

6,5

Мектепке чейинки мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

126,0

Жалпы:

4893,6

  

Чыгаша болугу:

  

               Чыгашалардын туру

Сумма (мин.сом)

 

70111-:

 

2111

2242,1

2121

331,5

2224

55,6

2231

28,0

2824

40,7

Жалпы:

2697,9

           70491

 

            2215

126,3

Жалпы

126,3

70629

 

            2222

63,1

2231

7,2

Жалпы:

70,3

70821

 

2111

149,1

2121

25,7

2224

18,5

Жалпы:

193,3

70823-:

 

2111

171,0

2121

29,5

2224

18,5

2231

2,9

Жалпы:

221,9

70911-:

 

2218

136,8

2224

55,6

2231

14,0

атайын каражат

126,0

Жалпы:

332,4

70921-:

 

            2215

504,0

            2231

747,5

Жалпы:

1251,5

Жалпы баары:

4893,6

  

  1. Быйылкы жыл үчүн жайыт ижарасы үчүн акыга 42,0 миң.сомго кошумча план  ачып берүү жагы каржы министрлигинен суралсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «финансы жана бюджет»  боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага:                                                                 Байыш уулу Улук.

_______________________________________________________________________

Жиберилди:иш кагазына

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 22 »  декабрь  2018-жыл                                                       Коңорчок айылы

 Конорчок  айыл  ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо  боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жѳнүндѳ

 

 

Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жѳнүндѳ» Кодексине ылайыкКонорчок айылдык Кенешинин  сессиясы токтом кылат:

  1.  Конорчок  айыл  ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин (жобо тиркелет)
  2. Конорчок  айыл  ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
  3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук

Жиберилди : иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 22 »  декабрь  2018-жыл                                                Коңорчок айылы

 

                   Конорчок айыл аймагынын”Коңорчок”жайыт пайдалануучулардын,  Коңорчок айылдык Кеңешине жиберген билдирүүсү жѳнүндѳ

 

       Кыргыз Республикасынын “Жайыт жерлерди пайдалануу жѳнүндѳ”мыйзамына ылайык Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  

 

  1.  2018-жылы убактылуу пайдаланылбай турган жайыт участокторунун жер салыгынан 2018-жыл үчүн бошотуу жана жылдык бюджеттен алуу, бул токтом менен бекитилсин жана Ак-Талаа райондук УГКНСнан суралсын

 

  • Алыскы Арпа ѳрѳѳнү -5000га
  • Ак-Сай ѳрѳѳнү           -3100га
  • Тогуз-Булак              -2000га
  • Беш –Абышка           -2044га
  • Жалпы:              -12144га   

 

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Коңорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге жүктѳлсүн.

 

Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук

 Жиберилди : иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ:

« 17 »  декабрь  2018-жыл                               Коңорчок айылы

Конорчок айыл аймагындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин терезе, каалгаларын алмаштыруу,жер тѳлѳѳгѳ чугун батареяларын жана терезе калкалагычтарын орнотуугаѳздүк салым кошуу жѳнүндѳ

  Конорчок айыл аймагындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин терезе каалгаларын алмаштыруу,жер тѳлѳѳгѳ чугун батареяларынжана терезе калкалагычтарын орнотууга  ѳздүк салым кошуу жѳнүндѳ ФЭБнүн башчысы Г.Молдобаеванын сунушун угуп жана талкуулапКонорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Конорчок айыл аймагындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин терезе каалгаларын алмаштыруу, жер тѳлѳѳгѳ чугун батареяларын жана терезе калкалагычтарынорнотууга  ѳздүк салымына акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен “Билим берүү бѳлүмүнүн” 2215 статьясынан каралып,503973(беш жүз үч  мин тогуз жүз жетимиш) сом бѳлүнүп берилсин.Анын ичинен 100% болбосо503973(беш жүз үч  мин тогуз жүз жетимиш)  сомдуакчалай каражаты менен каржылансын.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Конорчок айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБнүн башчысы Г.Молдобаевага жүктѳлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы кенештин бюджеттик комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Тѳрага:                                                                   Байыш уулу Улук


 

Жиберилди : иш кагазына.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛАА РАЙОН
КАРА-БУРГЕНСКИЙ
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ



ТОКТОМ КЫЛАТ: